Menu

Албектин абийирин өрттөнгөн троллейбус ачтыбы?

Бөлүшүү:

Эсиңерде болсо Бишкек мэри Албек Ибраимов коомдук транспортторго жол кире акысын 12 сомго көтөрүү керек деп чыга коюп, коомчулуктун кескин сынына калган эле. Шайлоо алдында элди дүрбөтүп албайын деп эсине кеч келген соң “жоо, биз бааны көтөрбөйбүз”-деп актанып да чыккан.
Албек мырза акчаны кантип чогултаардан мурда коомдук транспорттордун абалына бир аз көз чаптырса болмок экен. Дегеним, кечээ “Асанбай” кичи районунан келе жаткан 17-троллейбус Горький-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишине келгенде өрттөнүп кетти. Айдоочу өзү өчүрө албашына көзү жеткенде өрт өчүргүчтөрдү чакырган. Кудайга шүгүр жабыркагандар жок. Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков өрттөнгөн троллейбус боюнча “Троллейбустун иштөө мөөнөтү 10 жыл. Өрттөнгөн тролейбустун иштөө мөөнөтү 2001-жылы бүткөн. Бирок, бизге жаңы троллейбус келбегендикен 16 жылдан бери иштеп жатат. Биздин автопарктан 30 троллейбусту иштен чыгарыш керек”- дейт. Ыя, Албек мырза элдин убалы деген сизди ойлондурабы өзү? Бул окуядан сабак алат деп ишене туралы. Же сөзсүз эле кырсык болуп анан баш көтөрөсүңөрбү?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: