Menu

Алмаз Атамбаев: “Манасты калмак Коңурбай өлтүргөн, азыр да Абыке-Көбөштүн балдары баш көтөрүп жатат, ошондой эле балдары кыйын болсо Айтматовдун күмбөзүнө Таластын байлары бир тыйын берген жок, өзүм бүтүрдүм”

Бөлүшүү:

“Манастын урпактары, көзүңөрдү ачкыла. Манасты өлтүргөн, билесиңер, катуу жаракатты Чынгызхандын урпактары Коңурбай кылган, чингизид, Казыр да Абыке-Көбөштөрдүн урпактары башын көтөрүп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 18-октябрда Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында студенттерге президенттик стипендия тапшырып жатып.

“Урматтуу менин балдарым! Тарыхты билбесеңер, кыйын болот. Кыргыздын тарыхы абдан татаал. Кырылып баратып сакталып калдык, ачык айтайын.

Убагында Манас атабыз көз жумгандан кийин, Абыке-Көбөштөр башкарып калган Кыргызстанды. Манас атабыздын өмүрлүк жары Каныкей апабыз качкан кичинекей Семетей менен Бухарага. Казыр да Абыке-Көбөштөрдүн урпактары башын көтөрүп жатат. Мен мурдагы күнү ютубдан видео көрүп алып жаман кайгырдым. Таластын губернатору Даир Кенекеев “Манас” китепти алып келип, Манас атанын сөздөрүн окуп берем десе, ышкырып, бакырып, окутпай койду жаш балдар. Аркасында албетте биз билебиз ким турат. Абыке-Көбөштөрдүн урпактары элдин башын айлантып, Манас атабыздын сөзүн Таластан окутпай жатат. Уят. Таластыктар үчүн абдан уят. Менин сөзүмдү окутпасын, уктурбасын, Манас атабыздын сөзүн Таласта окуйм дегенде эл Кураны керимдей уккандай угуш керек. Манас атабыз өзгөчө Таласта, таластын журт кылып, таластын үнүн чыгарып…

Чыңгыз Айтматов айткан, Саякбай Каралаев азыркы кылымдын Гомери деп. Саякбай Каралаевдин китебин, Манас дастанын окутпайбыз деп ышкырып, бакырып, Абыке-Көбөштүн урпактары Таласта кылып жаткан кылыгын көрүп алып мен абдан кайгырдым. Ракмат, Дайыр Кенекеевге, телефон чалып айттым, эй, сен Манастын урпагы экенсин. Манастын урпактары Кыргызстанда көбүрөөк, алданып кетсе деле…

Манастын урпактары, көзүңөрдү ачкыла. Манасты өлтүргөн, билесиңер, катуу жаракатты Чынгызхандын урпактары Коңурбай кылган, чингизид, анткени Монголияда аларды монгол дейт, а Россия менен Кыргызстанда калмак дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок, бирок бул тарых.

Анан азыркы чингизиддерди ээрчиген таластык биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип, Абыке-Көбөштүн урпактарын угуп, Манас дастанын Таласта укпайм дегендери бул уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар, Манас атанын сөзүн окуйм дегенде, Курани керимди, кудай кечирсин, бирок кыргыздар үчүн Кураны керимден кийинки эле китеп “Манас”.

Кураны керимден кийинки эле, пайгамбардан кийин биздин ыйык адамыбыз бул Манас, биз Манастын урпактары Абыке-Көбөштүн урпактарына жол бербейли, өзгөчө Таласта. Талас башка бир жер. Бүт Кыргызстан сыймыктанат, Ала-Тоо аянтта Манас атабыз турат, берки тарабында Чыңгыз Төрөкулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып жатам, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда ошо таластын байлары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап бүтүрүп бердим Чыңгыз Төрөкуловичтин күмбөзүн. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй, шекерлик кара-бууралык Айтматовго бир тыйын бербеген таластын байлары, ошолорду ээрчигендер, бул Абыке-Көбөштүн урпактары, Абыке-Көбөштүн урпактары, Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүздөгөн, миңдеген бабаларыбыз канын берди Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн. Мына, 2007-жылы дунган болсо да Манастын урпагы Халиков өлгөн, кыргыз көп улуттуу эл, 2010-жылы канча жигитибиз өлдү анын ичинде 9 таластык жигит аянтта өлгөн, бабановдор жашынып жүргөндө. Уят. Тарыхты унутпайлык, тарыхты унутпайлык”, – деди Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: