Menu

Желпинген Манас Акматбековдун жели чыкканы каңкууланууда

Бөлүшүү:

Таластан чыккан ИИМдин экс-орун басары Манас Акматбеков буга дейре көкүрөк каккылап, шефи Болот Абилдаев экөө кичи мекенинен Сооронбай Жээнбековго добуш алып берүүгө шымалана киришип жүргөнү күбүр-шыбыр кепке айланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын көрдүк го, аныгында жердешчиликтин салтын бузуп, Жээнбеков үчүн жан-алы калбай чуркап жүрүшкөн бул өрөөндүн айрым тыңчыкмалары «мыш болушуп», жеңишти Таластан Өмүрбек Бабановго тарттырып жиберишти. Мындай натыйжасыз иштен соң «Газпром Кыргызстандын» жетекчиси Болот Абилдаев бүгүнкү бийликтен бүшүр-көгөндөй тур менен кол алдындагы «Газпром Бишкектин» башчысы Манас Акматбековду кызматтан алганы чынбы? Анан калса бүгүнкү бийликке Таластан жарытылуу жеңишти камсыздай алышпаган бул өрөөндүн кубулма жүздүү эрендерине жаңы келчү бийликтин каалгасы сыртынан жабылаары эмитен Аксарайда кызуу кепке айланды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: