Menu

Канатбек Азиз, саясий серепчи: “Мадумаров курчтугу менен эл күтпөгөн добуш алды”

Бөлүшүү:

– Шайлоо да бүттү. Шайтан оюндар орун алды. Унчукпай баарына макул болуп, шайлоону кабыл алып отурабыз. 15-октябрдагы шайлоо боюнча кандай пикирде калдың?

– Президенттик шайлоонун жыйынтыгы президентибиз Алмазбек Атамбаев өзүнө керектүү талапкерин бийликке алып келүү менен аяктады. Эми жаңы президентти Атамбаев кандай пайдаланат, убакыт көрсөтөт. Кызыктын баары али алдыда. Тилекке каршы, биздин элде таза шайлоого барууга али эрте экен. Таза шайлоого али жетиле элек экенбиз. Шайлообуз ачык, масштабдуу түрдө мыйзам бузуулар менен өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары бийликке гана тизе бүгүп иштеп беришти. Биз бийлик жеңишке жеткенин моюнга алышыбыз керек. Бир жагынан ар ким өз тандоосунун үзүрүн көрдү. Бийлик шайлоону эмес, элди жеңди. 1 млн. 400 миңдей шайлоочу таптакыр шайлоого катышпай койду. Калгандары баарына макул болду. Айта кетчү жагдай, Сооронбай Жээнбековду катуу сынга алганы үчүн Адахан Мадумаров чукул арада арбын добуш алууга жетишти. Эл мындайды күткөн эмес. Башка талапкерлерге курчтук жетишпегендей болуп калды. Бул шайлоодо айрыкча Бабановго ишеним арткан, Бабановдун бийликке келишин күткөн шайлоочулар үчүн аянычтуу болду.

– Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биздин бийлигибиз, өлкө башчыбыз тууралуу бир топ сөздөрдү айтты. Чек арадагы кыйынчылыктардан карапайым калк бир топ кыйналууда. Анан казак президенти эч нерсе болбогондой Сооронбай Жээнбековго куттуктоо жолдогону таңгалдырбай койгон жок…

– Нурсултан Абишовичтин Сооронбай Жээнбековду куттуктаганы эмнени билдирет? «Атамбаев үчүн мамилебизди үзүшпөйлү, Кыргызсганда жаңы доор башталып жатат. Мамилебизди бузбай, кайра чыңдайлы» деген чакырыктай болуп турат. Алмазбек Атамбаевдин бир жарым айы калса, Сооронбай Жээнбеков менен алты жыл иштешиши керек. Кыргызстанга да, Казакстанга да биргеликте иштешүү, соода алакалары аба менен суудай зарыл. Сооронбай Жээнбековду казак эли каалайбы-каалабайбы, мыйзам бузуулар болдубу-болбодубу – ал кыргыз эли тандап алган президент болду. Жыйынтыгы чыкты. Аларга башка арга жок.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: