Menu

Атамбаев Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо жасады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда Алмазбек Атамбаев Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо жасады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу социалдык  коргоо  жана  профсоюз  кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Учурда эмгек жана социалдык өнүгүү системасында 4 миңден ашык адис оор турмушка кабылган балдарга, үй-бүлөлөргө, улгайган жана ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп жатышат. Социалдык фонддун миңдеген кызматкерлери ардактуу эс алууга чыккан жарандарыбыздын татыктуу пенсия менен камсыз болушу үчүн алгылыктуу иш аткарууда.

Ал эми эмгекчилердин Профсоюз федерациясы ар кыл тармакта иштеген адамдардын эмгекке жана социалдык кепилдикке укугун коргоп, социалдык адилет мамлекет жана күчтүү жарандык коом курууда чоң роль ойноп келатат.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан – социалдык мамлекет, биздин саясат бардык катмардагы жарандардын татыктуу жашоосу үчүн кам көрүүгө багытталган. Кыйынчылыктарга карабастан, жөлөкпулдар менен пенсиялар көбөйүү үстүндө. Ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия дагы жогорулады. Колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарына  жөлөкпул өлчөмү жылына 10%га көбөйтүлүүдө. 2018-жылы “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” жаңы мыйзам күчүнө кирип, өлкөдө бардык төрөлгөн балдарга жөлөкпул төлөнө баштамакчы. Жетим-жесирлерге жана улгайган жарандарга ылайыкталган атайын борборлор Кыргызстандын бардык аймактарында ачылууда. Бул сыяктуу мисалдарды уланта берсек болот.

Мындай ийгиликтер соӊку жылдары өлкөбүздө орногон тынчтыктын жана туруктуулуктун эсебинен жаралууда. “Ынтымактуу үйгө ырыс токтойт” дегендей, эл ичиндеги тынчтык менен ынтымак оӊ өзгөрүүлөргө, экономикабыздын жандануусуна жол ачты. “Кедей мамлекет” деген жарлыктан арылдык. Өзүбүздү өзүбүз багып гана тим болбостон, оор тагдырга кабылган мекендештерибизге каралаша баштадык.

Кыргызстан социалдык мамлекет куруу багытынан эч убакта тайыбайт. Негизи эле жарды-жалчыларды, карыларды, оор тагдырга кабылгандарды таштап койбой, аларга колдошуу жана каралашуу – элибизде байыртан бери бекем сакталган касиеттерден. Биз азыр ар бир адамга ар тараптан камкордук көргөн, эркин жана ак ниет коомду куруу максатын койдук жана аны ишке ашырабыз!

Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери жана ардагерлер! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак жана бакубат өмүр каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жергебизге берекет берсин!

 

Кыргыз Республикасынын Президенти             Алмазбек  Атамбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: