Menu

Депутат Азия жабык оюндарында байге алып келген кыргыз спортчуларын сыйлоону сунуш кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында эл өкүлдөрү спорт жаатында маселе көтөрүштү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Бир катар эл өкүлдөрү Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өткөн Азия жабык оюндарында Кыргызстан жакшы көрсөткүчтөр менен кайтып келгендигине токтолушту. Бул оюндарда Кыргызстан спортчулары жалпысы 70 медал менен келгендигин айткан депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда дагы спортчулардын ар кандай заманбап машыгуусуна, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө спорт комплекс куруу замандын талабы экенин, жок дегенде жападан жалгыз спорт сарайды жакшылап оңдоп-түзөө керектигин баса белгиледи.

Депутать Мурадыл Мадеминов жогорудагы эл аралык спорттук иш-чарада Кыргызстандын желегин желбиретип, байге алып, жакшы көрсөткүч жаратып келген спортчуларды мамлекеттик деңгээлде сыйлоо маселесин Өкмөткө сунуш кылды.

“Эл арасында “Аккула” атмайданы качан жаңыланып качан жаңы курулаштар башталат деген суроолор көп жаралууда. Өкмөт атмайданды оңдоп-түзөө иштери боюнча толук маалымат берсеңер”,- дейт депутат Таалайбек Масабиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: