Menu

Аида Алымбаева: “Инаугурациядан кийин Жээнбеков саясый оюндарын баштайт”

Бөлүшүү:

– Сооронбай Жээнбеков эми Алмазбек Атамбаевдин реалдуу мураскери болобу, же өзүнүн саясый оюнун жүргүзө баштайбы?

– Жаңы президентке лоялдуу өз комаңдасын түзгөнгө чейин Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин мураскери болуп кала берет. Анан калса, Жээнбековдун мыйзам чыгаруучу органга толук кандуу таасир эткенге парламентте өз партиясы жок. Ал КСДПнын мүчөсү, партийный негиздөөчүсү болсо Атамбаев. Ошондой эле көп нерсе Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүп, министрлер кабинетинин башчысынын ыйгарым укуктарын көбөйтүп, премьер-министр катары бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнө да жараша болот. Эгер президенттин ыйгарым укуктарын төмөндөтүү максатында Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгени жакын арада ишке ашырууга мүмкүн болбосо, инаугурация күнүнөн канчалык көп аралык өткөн сайын Жээнбеков өзүнүн саясый оюндарын жүргүзүп башташы мүмкүн.

– Демек, сиз «Атамбаевдин бир аз мезгил өткөндөн кийин премьер-министрдин, же Жогорку Кеңештин спикеринин ордун ээлөө ниети бар» деп эсептейсизби?

– Менин көз карашымда, эгер премьер-министрлик кызматты алчу болсо, Атамбаевдин саясатта калып жана чечимдерди кабыл алуу процессине таасир этүү перспективасы болушу мүмкүн. Атамбаев түзүп, азырга чейин лидери болуп келаткан парламенттеги КСДП фракциясы жакын арада аны бул кызматка көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой эле Кыргызстандын көп азап чеккен Конституциясына өзгөртүү киргизип, президенттин (С.Жээнбековдун) ролун төмөндөтүп, премьердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча демилгени да күтүүтө болот. Бардыгы жаңы президенттин мындай де-милгеге каршылык көрсөтүүгө жон-дөмдүүлүгүнө жараша болот. Эгер ал каршылык көрсөтчү болсо, анда КСДПнын ичиндеги күрөш уланып, бийлик партиясынын ыдырашына алып келет, бул кийинки парламенттик шайлоолордун учурунда башка партияларга жагымдуу жагдай жаратып бериши мүмкүн.

– Көп кишилер «Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдан кийин өзүнүн премьер-министрдин статусу бир кыйла жогорулады» деп эсептешет. Кыргызстандын азыркы саясый системасында премьердин позициясы президенттикине караганда негиздүүбү?

– Бүгүнкү күндө премьер-министрдин позциясы өлкөдө негизги болуп эсептелбейт. Укук коргоо жана сот органдарын көзөмөлдөгөн президент саясый олимптеги эң таасирдүү фигура болуп саналат. Парламент да, премьер-министр да аны менен теңтайлаша албайт. Ошондуктан, тилекке каршы, Кыргызстанда натыйжалуу тең салмактуулук системасы бар деп айтканга болбойт.

– Мындай сценарийде Өмүрбек Бабановдун саясый келечеги кандай болушу мүмкүн?

– Менин баамымда, Өмүрбек Бабановго карата куугунтук болбосо, ал Жогорку Кецештин депутаты жана парламенттик фракциянын жетекчиси катары саясатта кала берет да, активдүү опйозициялык саясат жүргүзбөйт. Ал оппозиционерлердин катарына кошулбаган себеби, анын Кыргызстанда чоң бизнес кызыкчылыктары бар. Анан калса, ал кийинки парламенттик шайлоолордо реванш алууга даярданышы мүмкүн.

Кыргызстандык эксперт Аида Алымбаеванын казак саясат таануучусу Досым Сатпаевге берген интервъюсунан

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: