Menu

Киевде кармалган өзбек журналисти бошотулду

Бөлүшүү:

Киевде кармалган өзбек журналисти бошотулганын анын адвокаты Алексей Федоров билдирди. Назрулло Охунжанов алдамчылыкка айыпталып эл аралык издөөгө алынган болчу.

Федоров маалымдагандай, Назрулло Охунжанов шаршембиде бошотулду жана азыр үйүндө. Ошол эле маалда адвокат журналисттин саламаттыгы начарлап кеткенин кошумчалады.

Соңку кездерде Түркияда жашаган өзбек журналисти Украинадан саясий баш паанек суроо үчүн 20-сентябрда Киевге келгенде кармалган. Өзбекстан Назрулло Охунжановду алдамчылыкка айыптап, эл аралык издөө жарыялаган.

Журналист айыптоолорду четке кагып, Өзбекстандан саясий себептерден улам чыгып кеткенин айткан. 27-сентябрда башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” өзбекстандык журналистти бошотууга үндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: