Menu

Элди мектеп директорлору менен райОНОлор эзип бүттү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Абирова деген түшпөс “ханайым” бар. Мугалимдер бул аялдан тажап бүткөн эбак эле, көрөйүн деген көздөрү жок. Мыйзам боюнча кызмат ордун бошотуп бериши керек эле, бирок дагы беш жыл отураарын айтып мугалимдердин жүрөгүн түшүрүп жатыптыр. Тыйын-тыпыр маселесин чогултмай райондогу мектептерде шаардыкынан ашып кеткен. Ремонт, парда, жасалга деп баш-аягы беш миңге чейин акча чогулткан мектептер бар экен. Бир үйдөн 3-4 бала окуганда ата-энелерге эле күч болуп жатпайбы. Абирова бул маалыматтар менен кабардар эмеспи? Кантип эле? Министрлик эмнени карап жатат ыя? Бекер окуу деп коюшуп, элди директорлор менен райОНОлор эзип бүттү.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: