Menu

Алмаз Атамбаев Америка кошмо штаттарын сынга алды

Бөлүшүү:

“АКШнын оор салмактагы саясатчысы Майкл Макфол, ал АКШнын президентинин атайын жардамчысы, АКШнын Россиядагы атайын жана толук укуктуу элчиси болуп иштеген. Ал “Жээнбековду шайлаганы жаман болду, бул демократия үчүн жаман” деп айтты. Демек, эгер Казакстандын олигархтары менен АКШнын Мамдепартаментинин кишисин шайласак жакшы болмок экен. Анткени АКШга Кыргызстанда жана биздин аймакта демократия орношунун такыр кереги жок”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев 18-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында.

Чындыгында, Майкл Макфол  журналист Эрика Мараттын Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча  твиттерде  жазган куш тилиндей постуна “Абдан өкүнүчтүү. Кыргызстандагы демократиядан чоң үмүттөр бар эле” деп бир эле сүйлөм гана комментарий жазып койгон.

“Менин эсимде дайыма турат, силерге да эстетип койсом дейм, 2014-жылы Өзбекстандын президенти, раматылык Каримов “суу менен чек ара талаштарынан улам биздин аймакта согуш чыгышы мүмкүн” деп койгондо, АКШ төрт айдын ичинде Өзбекстанга ар биринин баасы 500 миң доллардан турган 328 бронемашина өткөрүп берген. 328…  Ал кезде Өзбекстанда диктатор президент олтурган, ал эми Кыргызстанда демократ президент болчу.  Демек АКШ демократияны уруп ойнобойт, аларга башаламандык менен бейстабилдүүлүк керек”, – деди андан ары Алмаз Атамбаев.

Чындыгында, 2014-жылы АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетип жатып, аскер куралдарын Борбор Азиянын бир өлкөсүнө калтырып кетүү максатында тендер жарыялап, анын шарттарына Өзбекстандын сунуштары туура келгендиктен Америкага ташып кете албаган куралдарын Өзбекстанга калтырып кеткен. Ошол эле учурда АКШ Кыргызстандагы аскер базасын чыгарып кетип жатып, бүт аскердик инфраструктурасын Кыргызстанга белек катары тапшырып, калтырып кеткен. Бирок, бир ай өтпөй АКШнын бизге калтырган аскердик базасынын инфраструктурасы уурдалып жаткандыгы боюнча Кыргызстанда ызы-чуу чыккан. Ошондой эле Атамбаев Россиядан 1,2 миллиард доллардык аскер куралдарын кредитке алып жаткандыгын жарыялаган. Бул биз АКШнын аскердик базасын чыгаргандыгыбыз үчүн Россиянын белеги катары талкууга алынган.

“Азыр казак олигархтарынын бир эле максаты бар – кандай болсо да АКШга жагыш керек,  жана Казакстанда бийлик алмашканда АКШ Ислам Каримовдун үй бүлөсүнө кылгандай мамилеге туш болбош керек. Ислам Каримов бир кезде АКШнын аскер базасын Өзбекстандан чыгарып салганы үчүн АКШны таарынтып алган, билесиңерби, өлгөндөн кийин анын үй бүлөсүнүн миллиарддаган долларларын АКШ камакка алды”, – деди ачууланган Атамбаев андан ары.

Атамбаев өзүнүн отставкага кеткенден кийинки  миллиондогон долларларынын тагдыры жөнүндө кабатыр болуп жаткан жокпу?

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: