Menu

Муфтият Ошто жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин тапшырмасы менен атайын түзулгөн комиссиялык топ кыш мезгили жакындап калгандыгына байланыштуу Муфтият тарабынан Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылындагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө курулуп жаткан үйлөрдөн жеринде кабар алышып, чатырларын жабууга жана эшик-терезелерин коюу үчүн кошумча 400 миң сомдук акчалай жардам тапшырды. Бул туурасында муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Улан ажы Ибраев, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңишбек ажы Бекиев, КМДБнын иш башкармасы Алимбай ажы Эргешов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышып, турак-жайлардын курулуштары жана бүгүнкү учурга чейинки жүргүзүлгөн иштер менен таанышып чыгышып, көйгөйлүү маселелерин угушту. Ал эми жергиликтүү эл Муфтият тарабынан берилген акчалай жардам үйлөрдүн чатырларын жана эшик-терезелерин орнотууга чоң жардам болгондугун айтышып, Кыргызстан Мусулмандар Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге, дин кызматкерлерге жана кыргыз элине ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, Муфтият тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен 2017-жылдагы орозо-фитирдин эсебинен турак-жайынан ажыраган 8 үй-бүлөгө үй куруп берүү убадасы берилип, жергиликтүү эл тарабынан сунушталган 8 үй-бүлөнүн ар бирине 350 миң сомдон жалпысы 2 800 000 сом акчалай жардам бөлүнүп берилген.

Жардам алган үй-бүлөлөрдүн тизмеси:

Чоң-Алай району

1.      Мамажусупов Паяз

2.      Эркебаев Эрали

3.      Маданов Бекболот

4.      Арпидинов Али

Өзгөн району

1.      Ысманов Жаныш

2.      Ысманали уулу Бекболот

3.      Козубаев Абылкасым

4.      Сатаров Ашим

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: