Menu

ЦРУ: Орусиянын кийлигишүүсү шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес

Бөлүшүү:

Орусиянын өткөн жылкы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир эткен эмес. Бул тууралуу бейшембиде ЦРУнун директору Майк Помпео «Демократияны коргоо фонду» аналитикалык борборунун кызматкерлери менен жолугушуу маалында билдирди.

Январда Улуттук чалгындоо директораты жарыялаган ачык баяндамада чалгындоо органдары Москванын кибер чабуулдары менен пропагандалык аракеттери шайлоонун жыйынтыктарына кандай таасир эткенине баа бербегени айтылган.

Буга байланыштуу ЦРУнун басма сөз катчысы Дин Бойд атайын билдирүү жасап, чалгындоо кызматы чет өлкөлүк субъектилердин нииеттери менен аракеттерине мониторинг жүргүзүү үчүн гана жооп берерин билдирди. Анын айтымында, саясий жараяндарды же өлкө ичиндеги коомдук пикирди иликтөө ЦРУнун ыйгарым укуктарына кирбейт.

Буга чейин ФБР, ЦРУ, Улуттук коопсуздук агенттиги жана Улуттук чалгындоо директораты Орусия шайлоо жараянына кийлигишип, бул кадамга республикачы талапкер Дональд Трамптын жеңишке жетишине жардам берүү максатында барган деген жыйынтыкка келишкен. Өз кезегинде президент Трамп Орусия анын жеңишке жетүүсүнө жардам бербегенин айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: