Menu

Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр: «Памирдеги кыргыздарды алып келүүдө Ооган бийлигинин өкүлдөрү тарабынан көптөгөн бут тосууларга дуушар болдук»

Бөлүшүү:

Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон тартып эле Памирде жашаган кыргыздарды жергебизге алып келүү маселеси көп ирет көтөрүлгөн. Бирок, кандайдыр себептерден улам боордоштор негедир мамлекетибизге алынып келинбей калчу. Жакында эле ошол Памир кыргыздарын жергебизге алып келүү маселеси кайрадан каралып гана тим болбой, бир нече боордошторубуз жергебизге алынып келингени жалпыбызга маалым. Бир боорлорубузду жергебизге алып келүү демилгесин ишке ашырган айым Чолпон Аалыевнаны кепке тарттым.

— Чолпон Аалыевна, канча убакыттан бери эркектер батынбаган ишти жасооңузга тоскоол болгондор болдубу?

— Биз эгемендик алганыбызга жыйырма алты жылдан ашык убакыт өттү. Бир топ жылдан бери Памирде жашаган кыргыздарды көчүрүп келүү маселеси көтөрүлгөнү менен ишке ашырууга келгенде негедир артка сүрүлүп кетчү. Быйылкы жылы бир боор Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келүү маселеси каралганда эле демилгени колго алдым. Делегацияны өзүм баштап барарымды, үмүт кылып жол караган кандаштарыбызды алып келеримди укканда кээ бирөөлөр ишенишпеди, кимдир бирөөлөр болсо аларды алып келгенде деле биздин шартка көнүп кете алышпайт го деген кайдыгер пикирлерин айтышты. Жөн гана эркектер жасабаган ишти жасайт беле деген күмөн ойдо болгондор арбын болду. Бирок тоскоолдук жаратып, алып келбе деп жол тоскон эч ким болгон жок. Тескерисинче, Ооган кыргыздарын алып келүүбүзгө шарт түзгөн президентибиз Алмаз Шаршеновичке жана премьер- министр Сапар Жумакадыровичке рахмат айтышыбыз керек. Бул жерде Сапар Жумакадыровичтин эмгеги чоң деп эсептейм. Себеби, Ооган жерине барганда жаралган тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңүүдө абдан чоң көмөк көрсөттү десем болот.

— Памир кыргыздары жергебизге алынып келингенден кийин сизге сын айткандар болдубу?

— Жок, тетирисинче сен эркектер белсенбеген ишти жасадың деп рахмат айтып, ыраазылык билдиргендер арбын.

— Жергебизге келген Памир кыргыздарынын саны эл оозунда ар кандай санда айтылып жатат, чындыгында канча кишини алып келдиңер?

— Негизи отуз үч киши, бир кызыбыз кош бойлуу болгондуктан, кыргызча эле отуз төрт деп эсептеп жатабыз. Эки жашка чейинки балдар бар. Жети жаштан он алты жашка чейинки балдар ата-энелери менен келишти.

— Аларды алып келүүдөгү негизги максат эмне? Же шайлоо алдындагы саясий оюн дегендердин кеби чындыкка жакынбы?

— Жок. Боордошторду жергебизге алып келүүдөгү максатты саясий пиар катары карабашыбыз керек. Саясатка же болбосом шайлоого эч кандай тиешеси жок. Кыргыз мамлекетинде алты миллион киши бар деп төш какканыбыз менен канчалары башка өлкөнүн атуулдугун алып, жакшы турмуш, бактылуу жашоо издеп кеткени баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө улутубузду сактап калуу ар бир кыргыздын милдети. “Манас” эпосунда айтылгандай, “Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган” мезгил келди. Биз Памир кыргыздарын алып келүүдөгү биринчи максатыбыз, жаш жеткинчектерди тамга таанытып окутуу. Келечегине кам көрүү болуп саналат.

— Алып келүүгө кеткен жалпы убакыт канча күндү камтыды?

— Он эки күндө өз өлкөбүзгө аман-эсен кайтып келдик.

— Ооган жериндеги эсте калган көз ирмемдерге кайрылсаңыз?

— Ал жакта жашаган журтташтарыбыздын жашоо шарты чындыгында өтө оор экен. Мени абдан таасирлентип, зээнимди кейитти. Барган күндөн баштап Улуу Памир жана Кичүү Памирлик кыргыздар менен жолугуштук. Ар биринде “Чын эле алып кетесиңерби, биз Кыргызстанга барабызбы” деген ишенбеген суроо көздөрүнөн байкалып турду. Кыргызстанга кетүүгө ар бир кыргыз кызыктар экенин көрүп, алардын жашоо шарты менен тереңден таанышып чыктым.

— Эмнени байкай алдыңыз?

— Эми жашырганда эмне? Он төртүнчү кылымдагыдай күн кечиришет экен. Топоз багып, ошонун сүтү менен тирилик өткөрүп келишет тура. Өлүм-житим өтө көп катталат. Жаш балдардын жана аялдардын өлүмү көп учурайт. Кыздары эрте турмушка чыгып, кырк жашка чыгып калган адам кары эсептелгенин угуп таң калдым.

— Сизди таң калтырган учур катталдыбы?

— Мени таң калтырып, ары сыймыктанткан көз ирмемдер, алар намыстуу сөздөрдү айтканда көзүмө жаш пайда болду. “Биз кыргызбыз! Таза кандуу кыргызбыз!” деп ошондой жетишпеген, оор шартта жашап жатышса да баштарын ийип, кол куушуруп олтуруп калбай алдыга умтулганы таасирлентип, жан дүйнөмдү козгоду.

— Тамак-ашты кай жактан алышат экен?

— Топоздун сүтүнөн жасалган курут, сары майларын Кабулга сатып, керектүү буюмдарын ала алышат.

— Памирлик туугандардын калган бөлүгүн качан алып келүүгө бел байлап жатасыңар?

— Биринчиден, Памирлик туугандарыбыздын поспорттору жок. Эми ал жерде жалпыбызга маалым болгондой согуш болуп, мамлекеттик абал туруктуу эмес. Ар бир жаранга көңүл буруу үчүн туруктуулук керек болот. Өкмөт менен эки жак сүйлөшүү жүргүзүп атып, биз ушул маселени коюп атып, поспорт алып бердик. Негизи биз элүү кыргызга поспорт алып бергенбиз. Эки үй-бүлөгө кандайдыр бир себептерден улам виза ачылбай калыптыр. Алардын бирөөсүнө ачылган, бирок аялы төрөп калып, келе албай калды. Бирок алар биз өз жөнүбүз менен сөзсүз барабыз деп калышты. Келгендердин бары эле билим алалы, Кыргызстандан балдарыбызды окуталы дегендер. Маселени деле ошондой койгонбуз, Ооган мамлекетинин губернатору келгенде, ал киши деле өзү ушул маселени койгон. Эки тараптуу меморандумга кол койгонбуз. Балдарды окутуу, билим алуу боюнча макулдашуулар болгон. Мен Кичүү Памирлик кыргыздар менен дагы, Улуу Памирлик туугандар менен жолукканымда, алар “Ооган бийлигине айтыңыз, бизге дагы поспорт берсин” деген маселени коюшту. Аларда жада калса граждандык поспорт жок экен. Кийин алар граждандык поспорт алган соң, биз чет жакка чыга турган паспортко, виза алганга жардам беребиз. Азыркы алып келген боордошторубуз эң алгачкы саамалыгыбыз болуп эсептелет. Жаңы гана булактын көзүн ачтык деп айткым келип турат. Бул иш токтобойт. Мындан ары улантабыз. Кылымдар бою жасалбаган иш жасалды деп айта кетсем болот. Себеби, бул маселе дайым эле көтөрүлүп келчү экен. Барсак өздөрү айтып жатышат. Дайыма эле келген сайын айтасыңар, алып кетебиз дейсиңер бирок, бир да жолу алып кеткен жоксуңар дешти. Алып кетүү үчүн келдик десек, чынында ишенишкен жок. Колубуздан келсе, Памирлик боордошторубузду ал жакка калтырбай алып келсек деген тилегим бар. Кудай буйруса, ийгиликтер алды да.

— Келген боордошторубуз Кыргызстандын атуулу болуп калчу кишилерби же болбосо билим алган соң Ооган тарапка кетишеби?

— Тандоо укугу боордоштордун өз колунда. Бирок азыркы келгендердин бирөөсү дагы кайра кетпейм деген кишилер. Эми чындыкты айтыш керек да, тигил жактан чыгып жатканда, алты айдан соң кайтып келесиңер деп жаздырып алышты. Бирок, биз Ооган бийлигине “Алты айда эмнени окуп үйрөнөт? Айлап, жылдап окуйт, алты жашпы, он жети жашпы бардыгы тамга үйрөнүп, биринчи класстай болуп окушат” деп айттык.

— Бири да тамга тааныбаган, окуган эмес бекен?

— Такыр тамга тааныбаганы бар. Арасында окугандары бар экен. Бирок, алар фарси тилинде окушуптур. Булар үчүн Билим берүү министрлигине атайын тапшырма берилген. Алар болсо бат окутуучу курстарды башталгыч класстардын программасында үйрөтүшөт.

— Алар жашына карап класстарга бөлүнөбү?

— Менин оюмча бардыгы эле бир класс болот го. Биз аларды алып келип эле өз алдынча карап, өз алдынча көңүл бөлө бербестен, ошол эле биздин жарандар барган, биздин окуучулар окуп жаткан мектепке барса деген маселени коюп жатабыз. Билим берүү министри Гулнара Каримовна менен да сүйлөштүм, ал киши ушул жума ичи методисттерди жибермек болду. Методисттер барып, балдардын билим деңгээлдерин карап көрүшөт. Илимдер академиясына дагы кайсыл программа менен батыраак окутуп, сабатсыздыкты жоюш керек деген тапшырма берилген.

— Эмне себептен боордошторду Нарын жерине жайгаштырдыңар?

— Аларды биринчи Алайга түшүрүү боюнча ойлонгонбуз. Бир топ жыл мурун токтом чыгып, жер бөлүнгөн экен. Бирок азыркы учурда ал жерге электр энергиясы, суу бара элек экен. Аларды алып келип эле талаага таштап койгонго болбой калды. Нарын облусунун губернатору өзү чыгып, “Боордошторду мен алайын. Алар да бийик тоолуу жерде жашап көнүп калышкан, жашоо шартыбыз тура келет” деди.

— Нарындын кай жеринде жайгашышты?

— Азыр ооруканада текшерүүдөн өтүп жатышат. Элдер барып абалдарын сурашып, райондордон жардамдар барып, колун созгондор арбын. Кыскасын айтканда, кыргыз эли меймандос экенибиздин белгиси эмеспи, конокту сүйүп күтө билүү.

— Памир кыргыздарын алып келүүдө Ооган мамлекети менен кандайдыр келишпөөчүлүктөр катталдыбы?

— Катталды. Биз көптөгөн бут тосууларга дуушар болдук. Ооган мамлекетинин өкүлдөрү эки тараптуу меморандумду тааныбайбыз деп чыгышты. Ооганстан менен Тажикстандын чек арасында Ишкашым деген жер бар экен. Чоң Памир менен кичи Памирден түшкөндөн кийин Ишкашимге келдик, ошол жерден алып чыгып кетүү маселеси болгондо, алар болсо тааныбайбыз деп чыгышты. Биз ошол чек арада беш күн туруп калдык. Сапар Жумакадыровичке чыгуума туура келди. Кабулда Коопсуздук кеңеши бар экен. Ошол Коопсуздук кеңешинин уруксат кагазын үч күн кыйналып алдык. Тышкы иштер министрлиги да аябай катуу режимде түнү-күнү иштеди. Кагаз бизге түшкөндөн кийин аны да, Оогон өкүлдөрү тааныбайбыз деп чыгышты. Памир кыргыздарын алар жөн эле жерден кетирүүнү каалашпаганы билинип турду. Мен Ооган бийлигине “Анда силер буларды чыгарбай турган болсоңор, бул жерде жашасын десеңер, анда кыргыздарды билим алуусуна, ден-соолугуна кам көрүүсүнө, паспорт алуусуна шар түзгүлө” деп айттым. Биз эч кандай конфликтке жол бербей, дипломатиянын салттарын сактап, кандай шарт болсо да бир боорлорубузду алып кетүүнү көздөдүк.

— Угушума караганда, Памир кыргыздары бай, кедей болуп жашаса керек эле?

— Туура айтасың, жогоруда айтып өткөнүмдөй эле ханы бар экен. Байлары бул жакка келүүгө анчейин кызыктар эместиги байкалды. Ал эми кедей аталган катмары Кыргызстанга кетсем дегенде эки көзү төрт. Ата-бабабыздын сөөгү жаткан жерлерге барсак, туз насип буйруса, ушул улуу Памир тоолорунун арасында сөөгүбүз калбаса экен деген изги тилектерин угуп толкундандым.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: