Жалал-Абад областы боюнча Банги затка мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызмытынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 19-октябрь күнү саат 23:00 чамасында алынган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кара-Көл шаарынан Ош багытын көздөй келе жаткан “Тойота ” үлгүсүндөгү унаасын токтотуп текшерген учурда, айдоочусу Сузак районунун тургуну (мурда соттолгон) 30 жаштагы М.Анын курткасынын чөнтөгүнөн травматикалык ок атуучу курал, магазин жана 5 даана ок, пластикалык бөтөлкөгө салынган 800 гр. “гашиш” заты жана сол чөнтөгүнөн 20 даана кутучага салынган 700 гр “гашиш” банги заты табылган. Аталган факт боюнча алынган банги заттарга соттук химиялык экспертиза дайындалып ал эми ок атуучу куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып анын жыйынтыгы менен кылмыш жаза кодексинин 247-беренси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран Кара-Көл ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул боюнча иликтөө жана тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ