Menu

Баарын сатып кеткен Муратбеков кичине кошоматчылыктын да чегин билсе…

Бөлүшүү:

Бул саясат деген неме көптөрдүн бет пардасын ачып бүтсө деле, уяты жоктор аралашып жүрө берет экен да. Баягы, «Акбаш» каймана аттуу экотехинспекциянын жетекчиси Канат Муратбеков учурда Сооронбай Шариповичти кантип сүрөөнгө алганын айтып бүтө албай мактанып жүргөн чагы. А түгүл шайлоонун эртеси штабга жетип барып Сооронбай Жээнбековду кыса кучактап, кантип чуркаганын кайра-кайра айтып, көпкө чейин божураптыр. Азыр тим эле жерге-сууга батпай шадыраңдап жүрөт. Мейли сүрөөнгө алса алсын дейли. Бирок өзү мамлекеггик кызматта, болгондо дагы жетекчилик кызматта иштесе, президенттикке талапкерди кантип сүрөөнгө алат экен деген мыйзам ченемдүү суроо туулат?! Же аялы экөө салган добушту колдодум деп айтып жатабы?! Кичине кошоматчылыктын да чеги болот да. Кезинде Муратбековду Нарын областына губернатор кылган Бабанов эле. Кийин Бабановду каратып туруп сатып кетти. 2015-жылы «Кыргызстан» партиясына кирди, анан ал жакты да сатты. Соодагер кайсы жакта жүрбөсүн, баары бир сатат экен да. Эми бүгүн СДПКнын короосунда жүрөт, шыбага үмүт этип.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: