Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу ” Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган.
Бул Макулдашуу анык дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана болуу үчүн отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.
Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Марокко Королдугунун дипломаттык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ