Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайга чейин автожүрүш уюштурат

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери октябрдын аягына белгиленген «Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар» каттамы боюнча автожүрүш уюштурууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёевдин расмий сайты жазды.

Билдирүүдө 19-октябрда кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат. Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана жакында мамлекеттик сапар учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылар калган чек ара тилкелери боюнча макулдашууга тез арада кол коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

Атамбаевдин 5-6-октябрь күндөрү Өзбекстанга жасаган сапары маалында Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар жолу боюнча меморандумга кол коюлуп, президенттер аталган каттам аркылуу автожүрүш өткөрүү тууралуу макулдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: