Menu

Сириянын демократиялык күчтөрү Аль-Омар мунай кенин басып алды

Бөлүшүү:

АКШ колдоосунда Сириянын демократиялык күчтөрү Дейр-эз-Зордогу Аль-Омар мунай кенин өздөрүнө каратып алды.

Аталган мунай кенди буга чейин өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ көзөмөлдөгөн.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, ал Сирия аймагындагы эн чоң кендердин бири.Аль-Омар кени алынганын АКШ башында турган эл аралык коалициянын командачылыгы кабарлады.

Аль-Омардагы өндүрүштү согушкерлер 2014-жылы басып алган. Негизинен Дейр-эз-Зордогу кендер “Ислам мамлекети” террордук тобунун киреше тапкан башкы булагы болуп саналат.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор өкмөттүк күчтөр чегингенин жана Аль-Омар районунан үч чакырымдай алыстыкта экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: