Борбор каалабыздын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ушул жылдын 22-октябрь күнү арыздануучунун үйүнө кирип, 60 миң сом акчасы жана баалуу буюмдарын уурдап кеткен бейтааныш адамга тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туралуу Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 37 жаштагы Ш.Г. аттуу жаран (аял киши) кармалган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ