Menu

Тажикстан Иранды саясий жана диний оюндарды токтотууга чакырды

Бөлүшүү:

Тажикстан президентинин алдындагы Ислам таануу борбору Иранды кайрадан өлкөдө туруксуздукту жаратуу аракетине айыптоодо. 21-октябрда мекеменин сайтында жарыяланган «Шиизм: идеология жана тажрыйба» аттуу материал Тегеранды Душанбеге карата саясий жана диний оюндардан баш тартууга үндөйт.

Макалада Ирандын тажик коомун исламдаштыруу, шиизм идеаларын жайылтуу аракеттери эки өлкө ортосундагы мамилени туңгуюкка кептегени айтылган.

Материалдын автору стратегиялык өнөктөштүктү калыбына келтирүүдө Иран менен Тажикстан саясий жана диний оюндарга муктаж эмес экенин жазган. Макалада Тажикстандагы жарандык согуш маалында Иран белгилүү бир тараптарга каржылык колдоо көрсөткөнү кайрадан белгиленген. Автор Душанбе 150 миң адамдын өмүрүн алган согуш үчүн Ирандан экономикалык жана моралдык кун талап кылып БУУга кайрылууга укуктуу экенин ишаара кылган.

Макалада Иран өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы аркылуу шиизм идеаларын жайылтууга аракет жасоого күнөөлөнгөн.

Тажикстандагы Иран элчилиги бул материал боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: