Menu

Өзбекстан: дыйкан базарлардагы алып-сатарлар кетирилет

Бөлүшүү:

Өзбекстандын бардык ири дыйкан базарларында жана калктуу конуштарында жакынкы күндөрү «Хизмаг-беминнат» деп аталган атайын соода күркөлөрү пайда болуп, аларда айыл-чарба азыктары жеткиликтүү бааларда сатылып турат.

Өзбек ММКларынын маалыматына караганда, мындай чечим жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн атайын соода күркөлөрдү курууга базарлардан жана калктуу конуштардан кайтарымсыз негизде жер тилкелерин берүүгө милдеттендирген президенттин токтомунун негизинде кабыл алынган.

Соода күркөлөрү калкка жайы-кышы айыл-чарба азыктарынын түрлөрүн жеткиликтүү бааларда сатууга ылайыкташтырылып курулат. Бааларды айыл-чарба азыктарын ортомчусуз дыйкандардан сатып алуунун эсебинен төмөндөтүү пландалууда.

Эксперттердин баамында, жаңы соода күркөлөрүнүн пайда болушу менен айыл-чарба азыктарынын баасын кыйла жогорулатып жаткан алып-сатарларды базардан кетирүү мүмкүндүгү түзүлөт.

Өткөн жылы Өзбекстанда агрардык тармактын продукциясынын дүң көлөмү 47,4 триллион сумга жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: