Menu

Сапар Исаков стандартташтыруу жана метрология кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков стандартташтыруу жана метрология кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен  куттуктады, – Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

 Төмөндө  Премьер-министрдин куттуктоо тексти:

«Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыныздар – Стандартташтыруу жана метрология күнү жана 90 жылдык мааракеңиздер менен чын дилимден куттуктайм!

Стандартташтыруу жана метрология Кыргыз Республикасынын заманбап, технологиялык жана коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү негизги таянычтарынын бири болуп келген. Бул системалар продукцияны калыс атаандаштыкта өндүрүү жана инновациялык жогорку технологиялуу продукцияларды жүгүртүү, соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюу, продукциянын коопсуздук даражасын жогорулатуу, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, энергиянын натыйжалуулугун жана ресурстарды сактоого салым кошууда.

Башка мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын натыйжалуу болушу үчүн ата мекендик продукциялар дүйнөлүк нормаларга жана стандарттарга шайкеш келиши учурдун талабы. Өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган стандарттарды иштеп чыгуудагы бизнестин ролу жана алардын жигердүү катышуусу – Кыргыз Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам»  программасынын негизги багыттарынын бири.

Ошондой эле мамлекетибиздин Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуусу айыл чарба, соода, илимий-техникалык жана башка мамилелерди, экспорттук рынокто азыктарга бирдиктүү талаптарды белгилөө, мамлекеттер аралык стандарттарды кабыл алуу жана колдонууну камсыз кылуу үчүн макулдашылган саясатты ишке ашырууда Стандартташтыруу жана метрологиянын салымы чоң экендигин белгилеп кетем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерге жемиштүүлүктү жана албан ийгиликтерди каалайм. Өлкөбүз тынчтыкта жана туруктуулукта өсүп-өнсүн».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: