Menu

Милиция кызматкерлери Президентке, Премьер-министрге жана спикерге кайрылышты

Бөлүшүү:

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Урматтуу Сапар Жумакадырович,

Урматтуу Чыныбай Акунович

Биз ИИМ тармагында иштеген кызматкерлер сиздерге ИИМдеги кадр саясатында орун алып жаткан адилетсиз жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотуп, ирээтке келтирет деген ишеним менен сиздерге кайрылуу жолдоону туура деп таптык.

Бүгүнкү күндө министр Улан Исраилов ИИМди реформалап, ал жакты крысалардан тазалагандын ордуна крысалар менен табакташ болуп калганы өкүндүрөт. Алмазбек Шаршенович ишенимдүү адамын атайын ИИМди реформалоого жиберип жатат, демек ИИМде мындан ары крысалар тазаланып, дасыккан, тажрыйбалуу кызматкерлер иш алып барат деп кубанган элек. Бирок тилекке каршы бул тилегибиз таш капты. Улан Исраилов ИИМдеги эң башкы крыса Данияр Абдыкаровду кызматтан алгандын ордуна анын бал тилине арбалып, аны менен бирге ИИМдеги кадр саясатын бизнеске айлантып, капчыктарын кампайтып жаткан мезгили. Бүгүнкү күндө Улан Исраилов Абдыкаров менен СБнын башчысы Скандарбек Көчөрбаевдин айтканынан чыкпайт, алардын айтканын кың дебей аткарат. Бул үчилтиктин ыплас саясатынын айынан канчалаган кызматкерлер зыян тартууда.

ИИМде кадр саясаты саясий бизнеске айланып, акчаң болсо кызмат ордуңду сактап каласың, акчаң жок болсо эч себепсиз кызматтан кетирип жаткандары өкүнүчтүү. Ал аз келгенсип акчасын алып кызматка дайындап 3 ай иштетип, кайра кызматтан айдап жибергендерин көрүп туруп зээниң какшайт экен.

Мисал катары айта кесек, Жакында эле Талант Исаевдин отсавкасынан кийин, ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчисин дайындоодо, жаңы жетекчи 60 000 миң доллар берип бул кызматка туруптур. Бул трио ал кызматтын тагдырын  60 000 (алтымыш миң) долларга баалап, сатышты. Мындан тышкары Криминалдык кызматына, Баңги затка каршы кызматына,УВД, РОВД, оперативдик кызматтын орун басарларын ж.б бөлүмдөргө жетекчилерди дайындоодо 20-30, оперлерди дайындоодо 5000 жана ар-кандай жооптуу орундарга кызматкерлерди дайындоодо 30-40 миң доллар алып дайындап жатышат. Баңги затка каршы кызматы түзүлүп, кызматкерлерди дайындоодон Абдыкаров 350 миң доллар топтогону тууралуу да так маалыматтар бар. Учурда ИИМден эч себепсиз кызматтан кеткендер көбөйүүдө жана бөлүм жетекчилери да бат-баттан алмашууда. Бул факт. Бир эле кызмат ордун 2-3жолудан алмаштырып, кадр саясатынын ашмалтайын кетиришти. Анын бир гана себеби ИИМдеги кадр саясатындагы бизнестин кесепети. Бүгүнкү күндө ИИМде реформа жүрүп, крысалар тазаланбай эле, ИИМ чыныгы крысалардын мекенине айланды. Бул ыплас аракеттердин башында албетте ИИМдеги эң башкы крыса Данияр Абдыкаров тураарын баса белгилеп кетебиз.

Өткөн айда милициянын майору Гапыров Манас жана милициянын капитаны Абдыжапаров Жаныш 60 кг гашиш жана 30 грамм пробага деген опиум менен кармалышкан. Булар алдын ала Тажикстанга Лексус 570 унаасын өткөрүшкөн, эгер кармалбаганда дагы көбүрөөк алып келишмек. Бул эки жетекчиге прокуратура кылмыш  ишин козгоду. Буларды эч кимге тийгизбей коргоп келген калканы Баңгизатка каршы кызматынын түштүк региону боюнча орун басары милициянын полковниги Батыров Ильяс. Батыров Ильяс Абдыкаровдун көргөзмөсү менен бул кызматка барган. Данияр Абдыкаров аны ишенимдүү өкүл кылып атайын дайындаган, түштүктөгү коррупциялык механизмдерди айлантуу үчүн. Мындан тышкары Баңги затка каршы кызматынын дагы төрт кызматкери УКМК тарабынан кармалды.  Жакында эле криминалдык кызматтын УКТларга каршы бөлүмүнүн  кызматкерлери жана башчысы Абдрахманов Каныбек  жана милициянын майору Касымов Съездбек мыйзамсыз иш аракеттери үчүн кармалды. Ал эми дагы үч кызматкер  Давлянов Дамир бөлүм башчысы, Насыров Улан жана кичи опер Калыков К бул кызматкерлерге издөө жарыяланды. Бул кызматкерлер Данияр Абдыкаровдун сасыткы саясатынын курмандыктары болууда. Эгер бул крыса Данияр Абдыкаровго кылмыш иши козголуп, кызматтан кетпесе дагы бир топ кызматкерлер зыян тартышы мүмкүн. Алар Абдыкаровго кызматка келүү үчүн берген 20-30 миң долларларын кайтаруу үчүн, актоо үчүн  аргасыз ушундай мыйзамсыз кадамдарга барып жатышат.

Данияр Абдыкаровдун ыплас аракеттерине чыдабаган кызматкерлер акыры бул крыса жетекечини бул бийлик кызматтан албаса кийинки жаңы бийлик Абдыкаровго чара көрөөр деген үзгү тилек менен, эптеп бул крысадан  кутулуу үчүн, болуп өткөн президенттик шайлоодо ИИМдин 40 пайыз кызматкерлери, ардагерлери жана тескемедеги (распоряжение) кызматкерлердин дээрлик баары Бабанов менен Сариевге иштешти. ИИМде мындай көрүнүш болгон эмес, ИИМ кызматкерлери Абдыкаровдун айынан бийликти да укпай коюшту. Ал эми Абдыкаров менен Исраилов шайлоонун шайтан оюндары жүрүп, бийлик төбөлдөрү шайлоо менен алек болуп жаткан маалды пайдаланып, тымызын ИИМдеги кадр саясатындагы бизнестерин гүлдөтүп алышты. Кокус Жээнбеков президент болбой калса талаада калабыз, андан көрө акча жасап алалы дешип.

ИИМ кызматкерлеринин  мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөндөрүн  да Абдыкаров тескеп, өзүнүн жакындарын, өкүл уулдарын, жана анын коррупциялык иштерине кол кабыш кылган кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыкка жаздырып жатат. Чыныгы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу, артында изи барлар мамлекеттик сыйлыктардан куру жалак калып, ИИМдеги крысалар сыйлык алып жатканын көрүп кабыргабыз кайышууда.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, ИИМдеги негизги крыса Данияр Абдыкаровду токтоосуз кызматтан кетирип, кылмыш жообуна тартууну сизден өтүнөбүз. Крысаларды тазала деп жиберген ишенген кожоңуз Улан Исраилов аларды тазалагандын ордуна, крысалардын крышасы болду. Эзели артынан жакшы сөз ээрчибеген, кулагы коррупциялык иштерден көрүнгөн жетекчини эмнегедир сиз ишенген Исраиловдун коргоштоп жатканы өкүнүчтүү. Болбосо сиз Улан Исраиловду ИИМди реформалап, крысалардан тазала деп тапшырма бербедиңиз беле? Керек болсо сиздин президент болуп келишиңизге каршы чыгып, 2010-жылы 6-апрелде Таласта элдик толкундоолор башталганда сиздин башкы душманыңыз Бакиевди коргоп калуу үчүн сизге каршы иштеп, элге каршы ок атууга буйрук бергенин билет чыгаарсыз. Акыры элге алы жетпей калганда аялынын кийимин кийинип кесиптештерин ур-токмокко салып берип өз жанын аман алып калуу үчүн качып чыгып кеткен. Ушундай саткын, суу жүрөк крыса ИИМди иритип бүтмөй болду.  Дагы уялбай сиздин колуңуздан “Эрдик” медалын алганын кантебиз. Кайсы кылган эмгеги үчүн “Эрдик” медалын алды? Эсиңизде болсо 2010-жылы Максим Бакиевдин эң жакын адамы болуп, “Бител” компаниясынан жүк ташуучу унаалар менен бир топ акчаны тоноп кеткен. Урматтуу Алмазбек Шаршенович сизден өтүнөөрүбүз Данияр Абдыкаровдун мыйзамсыз иштерин жеке көзөмөлүңүзгө алып, Генеральный прокуратура менен УКМКга тапшырма берсеңиз, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттеринин баары калкып чыгат. Биз далилдүү фактыларды көрсөттүк. Данияр Абдыкаров жарандардын коопсуздугун коргобой эле, кордоп жатат. Анын орду түрмөдө. Өзүңүз айтмакчы кетээриңизде ИИМдеги крысаларды тазалап кетиңиз, ИИМдеги крысаларды тазалоого сиздин гана эркиңиз жетээрине биз терең ишенебиз.

Урматтуу Сапар Жумакадырович, биз сизди таза, булганбаган, келечектен көптү үмүттөнгөн жаштардын өкүлү деп билебиз. Сизден өтүнөөрүбүз Өкмөт башчы катары жогорудагы далилдүү фактыларды көз жаздымда калтырбай, жеке көзөмөлүңүзгө алып, ИИМдеги Абдыкаровго окшогон крысаларды тазалоодо чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенебиз.

Урматтуу Чыныбай Акунович, ИИМдеги коррупциялык иштерди жана ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаровдун мыйзамсыз иштерин изилдеп чыгуу үчүн, биз сизден Жогорку Кеңештин депутаттарынан атайын коммиссия түзүүңүздү өтүнөбүз.

 

Сиздерге терең ишенүү менен ИИМ кызматкерлери.

Туйтуков.К

Максүтов.З

Осмоналиев.Б

Абдыкалыков.С

ж.б.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: