Menu

Темир Жумакадыровдун ордуна Таластын губернатору Дайыр Кенекеев вице-премьер-министр болот

Бөлүшүү:

“Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды”, – деп жазылат Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынын маалыматында.

Маалыматка ылайык, бир катар эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө баш-аягы эки жылдан ашуун иштегенин, бул мезгил аралыгында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас-Тараз-Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын белгилеп, ал коӊшу Казакстан менен мамиле жакшырганын, азыр чек арадагы Чоӊ-Капка өткөрүү жайында абал оӊолгонун кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги жакында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: