Menu

Сапар Исаков Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолукту

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу багытындагы негизги маселелер жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин мындан аркы мамилелерин жакшыртуу тууралуу талкуу болду.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей,  Кыргызстан соода-экономикалык тармагындагы Армения менен мындан ары кызматташууну бекемдөөгө зор маани берет.

«Ошондой эле эки тараптуу мамилени жакшыртууда соода-экономикалык алакаларды жакшыртуунун алкагында товар алмашуунун көлөмун арттырууга басым жасоого болот. 2016-жылга салыштармалуу 2017-жылы товар алмашуунун көлөмү бир топ жакшырган. Бул үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу зарыл», — деди Сапар Исаков.

Сапар Исаков Евразия интеграциясынын алкагында Кыргызстан менен Армениянын мүмкүчүлүктү максималдуу пайдалануусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аны менен бирге  Сапар Исаков «ВСП+» атайын  схемасын башкарууда жана аны өнүктүрүүдө Армениянын тажрыйбасын колдонуунун зарылдыгына да токтолду.

«Учурдагы абалды эске алуу менен, тараптар аталган статус боюнча болгон мүмкүнчүлүктү колдонсо болот», — деди Сапар Исаков.

Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян ошондой эле соода-экономикалык багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал Армения тарап бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жумшай турганын да  баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: