Menu

Кыргыз уулдарынын өз мекенине “батпай”, башка мамлекетке кызмат кылганына өкүнөт экенсиң…

Бөлүшүү:

Жакынла Россиянын Ставрополь өкмөтүнүн жаңы вице-премьери болуп Кыргызстанда туулган Эркинбек Алимов дайындалды. Аны Ставрополь аймагынын губернатору Владимир Владимиров апталык жыйында крайдын коллегиясына тааныштырды. Жаны вице-премьер эми регионго инвестицияларды тартуу жана ири бизнестер менен өз ара аракеттенүү боюнча иш алып барат. Эркинбек Алимов 1962-жылы Ош облусунда туулган. СССРдин коргоо министринин жогорку окуу жайында билим алган. Орусияда жашайт. Кийин М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин СССРдин мамлекеттик көзөмөл органдарында, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде, Орусия Федерациясынын Коопсуздук министрлигинде иштеген. Алимов 2013-жылы Хабаровск аймагынын губернаторунун кеңешчиси, 2014-жылдан бери Орусия Федерациясынын президентинин Крым Республикасындагы башкы кенешчиси кызматчысы милдетин аркалаган. Кыргыз жигитинин Россияда өтө чоң жана жооптуу кызматка дайындалгандыгына албетте, баарыбыз кубандык. Бирок ушундай эл аралык денгээлдеги бычакка сап боло турган кыргыз уулдарынын өз мекенине “батпай”, башка мамлекетке кызмат кылганына өкүнөт экенсиң…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: