Menu

Тажикстанда кышында электр кубатына чектөө киргизилбейт

Бөлүшүү:

Тажикстанда күз-кыш мезгилинде электр кубатын берүүдө чектөө киргизилбейт. «Барки точик» энергохолдинги маалымдагандай, өлкөдө кичи ГЭСтердин, жылуулук электр борборунун курулушу электр кубатын кенен колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошол эле маалда «Барки точик» калкты электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга, төлөмдөрдү маалында жүргүзүүгө чакырды.

Буга чейин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон былтыр калкка суткасына 10 саат гана электр кубаты берилгенин эске салган.

«Бирок көрүп турасыңар, лимит киргизилген жок. Биз чектөө киргизүү тажрыйбасынан толугу менен баш тарталы деген ниеттебиз. Бирок мунун баары өлкө жашоочуларынан жана ишкерлерден көз каранды», – деген президент.

Рахмон келерки жылдын соңунда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты иштеп баштарын, бара-бара электр кубатын чектөө – тарыхта каларын айткан.

Былтыр Тажикстандын аймактарында 1-ноябрдан тарта электр кубатына чектөө киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: