Menu

OCCRP менен “Новая газета” Путиндин жакындарынын кирешелерин иликтеди

Бөлүшүү:

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Орусия президенти Владимир Путиндин айланасындагы адамдардын материалдык активдерине байланыштуу иликтөөнү жарыялады. Долбоор “Новая газетанын” журналисттери менен биргеликте ишке ашты.

Иликтөөдө айрым адамдар наамдарына ири көлөмдөгү активдер жазылганын билбей турганы эске салынат. Авторлор “ортомчулардын” бул каражаты Путинге таандык болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Материалга ылайык, Орусия президентинин 2016-жылдагы кирешеси тогуз миллионго жакын рублди түзгөн. Бирок документтин авторлору Орусия башчысы өз активдерин татаал жана чиеленишкен схемалар аркылуу башкарат деп эсептешет.

Алар Путинге тиешелүү каражаттын бир бөлүгү Михаил Шеломовдун колунда болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Ал Путиндин эжеси Любовь Шеломовдун уулу. Шелемов 49 жашта. Акыркы бир нече жылда ал “Совкомфлот” мамлекеттик мунай компаниясында иштеген. Иликтөөнүн авторлору Шелемов жылына 8400 доллардан ашык киреше таба алмак деп эсептешет.

Бирок OCCRP журналисттери аныктагандай, Шеломов соңку бир нече жылда 573 миллион долларга ээ болгон.

Иликтөөдө байлыктын ири бөлүгү жемкорлук жол менен табылганы, расмий түрдө алар Шеломов жетектеген “Акцепт” компаниясына таандык экени белгиленген.

2016-жылдын соңунда фирма “Игора драйв” компаниясынын 50 пайыз акциясына ээ болгон. Иликтөөгө караганда, ага инвестицияны Шелемов менен бирге Путинге жакын Юрий Ковальчук менен Владимир Васильев салган.

Шеломов, Ковальчук жана Васильев журналисттерге бул боюнча комментарий беришкен эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: