Menu

Калык Султановго сурак жокпу?

Бөлүшүү:

Кырсыкты кайдан деп болбойт. Албетте, бул кырсык болду. Бирок, шалаакылыктан улам экени айгине.
23-октябрь күнү Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө “Авангард-Стиль” курулуш фирмасы куруп жаткан “Француз кварталы” деп аталган көп кабаттуу элиттүү үйлөрдүн биринин 2-кабатынын монолит конструкциясы кулап түшүп, 11 адам жабыркады. Ооруканага 2 адам оор абалда жеткирилип, 9 адамдын абалы туруктуу. Мамлекеттик экотехинспекциянын архитектуралык көзөмөл боюнча башкы инспектору Шараф Ачылдиев кыйроо болгон жерге келип, текшерип чыккандан кийин: “Курулуш иштерин жүргүзүүнүн эрежелери одоно бузулгандыктан кыйроого учураган” деп баа берди. Билсеңиздер, “Авангард стиль” курулуш компаниясы Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси, өлкөдөгү эң бай бизнесмендердин бири Калык Султановго таандык. Буга чейин Калык Султановдун “Авангард стиль” курулуш фирмасы Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда курган көп кабаттуу элиттүү үйдүн конструкциясынан жарака кетип ызы-чуу чыккан. Калык Султановдун фирмасы курган үйлөр бүтпөй жатып урап жатса, кудай сакта, жер титиреп кетсе эмне болот? Быйыл августта, президенттик шайлоонун алдында Алмаз Атамбаев кеңешчиси Калык Султановду кецешчилик милдеттерин аткаруудан бошотуп, КСДПнын Бишкектеги президенттик шайлоо штабын жетектөөгө жөнөткөн. Мындан улам Калык мырза жеңишке катуу кубанып кетип конструкцияларын көзөмөлдөй албай калган окшобойбу (?) деген ой кетет. Анүстүнө өзү жашабай турган болгон соң көп кабаттуу үйлөрдү элге кандай эрежелер менен салып жатканы бул кырсыктан соң айгине болду. Эми бул боюнча эмне кеп болот? Же Султановго сурак жокпу?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: