Menu

Күрөөканалардан кардар жарандардын укугун коргоо чаралары сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жатканын жүйө келтиришип, кардар жарандардын укугун коргоо жаатында тиешелүү чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүү учур талабы экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, каржылык жактан муктаждык жаралганда, көпчүлүк жарандар үй-жайын, унааларын, дагы башка баалуу мүлктөрүн күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин аларды кайрый албай калууда. Ошондон улам, күрөөканаларга карыз берүүнүн 60 күндүк мөөнөтүн белгилөө зарылчылыгы келип чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: