Menu

Чыныбай Турсунбеков: “Баарыңыздарга калыс мамиле кылып, ички бөлүнүүчүлүккө жол берген жокмун.”

Бөлүшүү:

Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагалык кызматын тапшырды. Анда сүйлөгөн сөзүн Жогорку Кеңештин расмий сайты жарыялады.Төмөндө текстти толук бойдон келтиребиз:

Ардактуу мекендештер!

Кымбаттуу кесиптештер!

Мына быйыл саясатта жүргөнүмө жети жыл болду. Анын беш жарым жылында партиялаштарымдын жана Президент Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин чоң ишеними менен фракция лидери катары кызмат кылдым. Мына ошол жети жыл мурун саясатка жаңы кадам шилтегенимде, зор максаттарды койгом. Көпчүлүк идеяларыбыз ишке ашты, бирок дагы деле программабыздагы урунтуу маселелерди чечүү үстүндө ишибизди улантабыз деген ишеничтемин.

Ал эми акыркы бир жарым жыл аралыгында позиция же оппозиция дебей, баарыңыздардын колдооңуздар менен Жогорку Кеңешти жетектедим. Бул бийик кызматты аркалап баштаганымда да парламенттин ишине байланышкан бир топ идеяларды көтөргөм. Анын көпчүлүгү биз сиздер менен чогу кабыл алган Жогорку Кеңешти өнүктүрүүнүн беш жылдык программасына киргизилип, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Ошондой эле, Төраганын алдында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңеш түзүлүп, иштеп баштады. Ушул жылдын 20-сентябрында Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда биз түзгөн Кеңештин натыйжалуу иш алып бара жатканы байкалды. Анткени, ишкерчилик чөйрөсүнүн өкүлдөрү Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин жардамы менен тармакка тиешелүү бир катар маселелер чечилип жаткандыгын жүйө келтиришип, ыраазычылык билдиришти.

Андан тышкары, парламент бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары саясий, социалдык, экономикалык жана укуктук реформаларды андан ары өнүктүрүүгө багытталган коомдук маанилүү бир катар мыйзамдарды кабыл алды. Алсак, акыркы бир ай ичинде эле 26 жылдан бери ишке ашпай келген чек ара маселеси сыяктуу көптөгөн эл аралык макулдашуулар ратификацияланды. Бул жагдайларда да Жогорку Кеңеш өзүнүн эрктүүлүгүн жана биримдиктүүлүгүн көрсөтө алды.

Ошондой эле, Жогорку Кеңеш ар тараптуу эл аралык байланыштарды жүргүзүү менен катар өлкөнүн тышкы мамилелерине да өзгөчө салым кошуп келди. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ), Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмунун (КМШ) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеялары сыяктуу эл аралык абройлуу бирикмелер менен кызматташып, тыгыз алаканы улантууда. Бул жааттагы жасап жаткан ийгиликтүү ишибизден бир мисал айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйынында аталган Ассамблея Төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин жасап жаткан иштерине кеңири токтолуп, “Ошол күнкү КМШ ПААны кыргыз парламентинин бенефисти”, – деп атады. Бул да болсо эл аралык алкактагы аброюбуздун жогорулап жаткандыгынын далили.

Андан тышкары, Германия канцлери Ангела Меркель жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында биз да жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин билдиришти. Россия Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин да Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин өлкөлөр ортосундагы алаканы жакшыртууга кошкон салымын баса белгилеген. Дагы бир айта кетчү жаңылык быйыл 7-8-декабрда  Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны өткөнү турат. Ал эми кийинки жылы ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жылдык күзгү сессиясы да Бишкекте өткөнү жатат. Аталган иш-чараларды мыкты деңгээлде уюштуруп, ийгиликтүү жыйынтыктап алуу үчүн болгон аракетти көрүшүбүз керек. Жалпысынан айтканда кыргыз парламенти эл аралык байланыштарды жакшыртуу жаатында алгылыктуу иш алып барууда.

Жети жыл мурун парламенттик демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстанда ийгиликтер арбын. Жогорку Кеңеш багытыбызга барчу жол татаал экендигине карабай, татыктуу иштөө менен алек. Дүйнө коомчулугу демократиялык аралча катары баалаган өлкөбүздү өнүктүрүү баарыбыздын башкы максатыбыз. Айрыкча, конституциялык реформаларды аягына чыгарып, чыныгы парламенттик республика катары калыптануубуз шарт. Бул жаңылоо милдеттеринин баары Жогорку Кеңештин мойнунда.

Бизди дагы башка Борбордук Азия өлкөлөрдөн айырмалап турган нерсе Президенттердин конституциялык жол менен алмашылышы эсептелет. Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жол менен кызматка келиши менен башталган бул саясий маданият, быйыл да жаңы президенттин мыйзамдуу түрдө шайланышы менен уланып бекемделди. Ал эми мен мындай бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү адаты башка бийлик бутактарында да болушу керек деген ойдомун. Эч кандай коомдук чыңалууну пайда кылуунун кереги жок. Кырдаалга жараша кызматты өткөрүп берүүнү салтка айлантуубуз шарт.

Урматтуу кесиптештер!

Эң башкысы мен ушул бир жарым жыл бою сиздердин ишенимиңиздерди актоого аракет кылдым. Баарыңыздарга калыс мамиле кылып, ички бөлүнүүчүлүккө жол берген жокмун. Балким бул позициям кээ бирөөнө жакса, кээ бирөөнө жакпашы мүмкүн. Бирок, демократияны жактаган инсан катары мыйзамды сактоо башкы максатым болду. Айрыкча, саясий кырдаалдарга ылайык эч бир депутатка, эч бир аппарат кызматкерине мыйзамдан тыш тапшырмалар берилген жок.

Ардактуу жыйын катышуучулары!

Президент, Өкмөт жана кесиптештерим баштаган баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Айрыкча, ЖМК өкүлдөрүнө ырахматымды айтам. Мен кызматтан кетүү чечимин 24 саатка жетпеген убакыт аралыгында кабыл алгандыктан, мындай кыска убакыт аралыгында башка маанилүү маселелер боюнча да чечим чыгарууга мүмкүн экендигине ынандым. Көпчүлүк кесиптештерим колдоого алып, кызматымды уланта берүүмдү өтүнүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирүү менен кызматымды тапшырып жатам. Бирок менен саясий ишмердүүлүгүмдү улантып, парламентте депутат катары иштей берем.

Урматтуу кесиптештер!

Мындан ары да биргелешип иш алып барып, демократиялык багытыбызды зор үмүттөр менен уланта беребиз. Себеби, ишеним менен үмүт гана ийгиликке жеткирет. Баарыңыздарга ийгилик жана талыкпас эмгек каалайм.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: