Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы кызмат ордуна «Кыргызстан» фракциясынан Жумабеков Дастанбек Артисбековичтин, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Масалиев Исхак Абсаматовичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, добуш берүү жыйынтыгында Дастанбек Жумабеков 80 добуш менен кыргыз парламентинин спикерлигине шайланды. Ал эми анын атаандашы депутат Исхак Масалиев 32 добушка ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.
Жогорку Кеӊештин жаӊы төрагасы Дастанбек Жумабеков чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, эл өкүлдөрүн журт кызыкчылыгын коргоо, калк көйгөйүн чечүү, кыргыз парламентинин абыроюн арттыруу, өлкөнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү жаатында мындан ары да биргелешип иш алпарууга чакырды. Ал таза жана калыс иштеп,өз кесиптештеринин ишенимин актоого аракет жасай турганын кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 1976-жылы Талас областындагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн. 2010-2015-жылдары V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү болуп саналат.
Белгилей кетек, «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 19-беренесинин талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин Төрагасы бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү менен шайланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ