Украина Михаил Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш тартты. Өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценконун билдиришинче, бул чечимдин кабыл алынышы менен Грузиянын мурдагы президентин тарыхый мекенине өткөрүп берүүдөгү бардык тоскоолдуктар жоюлду.
Ал ошондой эле украин бийлиги өлкөдөн Саакашвилинин 20 тарапкерин (алардын көбү грузин улутундагылар) депортация кылганы жатканын, анткени алар өлкөдө мыйзамсыз жашап, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышканын билдирди.
“Бул пландалган төңкөрүшкө эч кандай жарандыгы жок гастролерлор катышууда. Михаил Саакашвили Одесса облустук акимчилигинин төрагасы катары кол алдындагылар аркылуу Грузиянын 20 жаранына өлкө аймагында туруктуу жашап турууга уруксат берген. Эми алар өлкөнүн аймактарында ызы-чууларды чыгарышууда. Алар куралдар менен Саакашвилини кайтарып, күч менен төңкөрүш жасоого даярданып жатышат», — деди Луценко.
Саакашвили Одесса облусунун башчылыгынан кетер замат президент Петр Порошенконун жарлыгы менен украин жарандыгынан ажыратылган. Ал жарандыгын калыбына келтирүүгө аракет кыларын айтып, 10-сентябрда Польшадан Украинага кайтып келген. Андан соң саясатчы Украинада качкын макамын алуу үчүн документтерди тапшырган. Бул макам аны башка өлкөгө депортация кылууга мүмкүндүк бермек эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ