Menu

Орустар Собчактан “соо” калабы?

Бөлүшүү:

“Орус оюна келгенин кылат”,- деп кыргыздар айтып калышат. Негедир чындыгы бардай. Дегеним, орусиялык журналист, “Дом-2” деген чуулуу программаны алып барган Ксения Собчак 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого ат салышам деп чыкты. Американын “Washington Post” гезити “Кремль жаштардын саясатка кызыгуусун арттыруу үчүн ар түрдүү ыкмаларды издөөдө. Айрымдар Собчактын талапкерлигин тек гана элдин көңүлүн көтөрүү максатында коюлган көз бурмалоочу саясат катары баалашууда”,- деп жазса, Британиянын “The Guardian” гезити Собчак жакында эле Путин менен жолугуп, атасы тууралуу тартчу тасманы талкуулаганын, ошол жолугушууда Путинден президенттик жарышка катышууга уруксат сураган болушу мүмкүн экенин билдирет. Макаланын автору Шон Уоке “аламанга түшүүнү жар салууга Собчак өзү батынмак эмес”- деген пикирде. Ал эми The Daily Beast гезитинин кабарчысы Анна Немцова Собчакты “Пэрис Хилтон” деп атап, “ал Кремлдин башкы сынчысы, оппозиционер Алексей Навальныйды колдогон элдин көңүлүн өзүнө бурдурууга аракет кылат жана бул азыркы орус бийлигинин саясий оюну”- деген. Швейцариянын Le Temps басылмасы болсо Орусияда 2018-жылдын март айында өтө турган шайлоону “реалити-шоу” деп атап, Собчактын шайлоодо жеңип чыгышы нөлгө барабар болгону менен Навальныйдын саясий жарыштагы таскагын басаңдатат деген.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: