2017-жылдын 24-октябрында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 64 жаштагы Карагай-Булак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 24-октябрь күнү кечинде арыздануучунун сарайынан ири мүйүздүү малын уурдап кеткен белгисиз жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Гидростроитель айылынын 34 жаштагы Ж.Ч. аттуу жашоочусу кармалган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран соттун чечими менен сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде үй камагына алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ