Menu

Новиков: Казакстан жол картага кол коюудан баш тартты, чек ара ачылбайт

Бөлүшүү:

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Армениянын борбору Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап “жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт” деп айткан:

– Бүгүн жол картага кол коюлган жок. Биз мындан аркы иштерди Евразия экономикалык биримдигинин, эки тараптуу кеңешмелердин алкагында жүргүзөбүз. Андан кийин гана кандайдыр бир чечимдер кабыл алынат, – деген Новиков Казакстан мындай кадамын Кыргызстандан келген аткезчилик менен байланыштырганын кошумчалады.

Ошол эле маалда министр бул көйгөй ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде бар деп белгиледи.

Жол карта түзүү тууралуу макулдашууга 18-октябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин Астанадагы жолугушуусунда жетишилген. Документтин долбоору 48 пункттан туруп, кыргыз-казак мамилесиндеги бардык маселелерди чечүүгө багытталганы айтылган.

Астанадагы жолугушуу Казакстан чек арадан өтүүнү кыйындатып, көзөмөлдү күчөткөндөн кийин болгон. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен.

Бирок учурда кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйынчылык жаратууда

Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, “Акжол”, “Ак тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбарда” кезек күткөндөр жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: