Menu

Ахматбек Келдибеков экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди катуу какты

Бөлүшүү:

Жума башында, дүйшөмбү күнү түш оой генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиевдин төрүндө экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-спикер Ахматбек Келдибеков жана башка сыйлуу коноктор отурушту. Сөздөн-сөз уланып отуруп, аягында кызуу кепке да орун жетти. Алтымыштан ашып калган Жантөрө Жолдошович жөн отурбай Ахмат мырзага тийишип, чымчылай баштады. «Үкам, сен президенттик шайлоого чыгып алып, аягына жете албай койдуң» деди. «Мени БШК мыйзамсыз алып койду да» деди каршылашы кебелбей. Ортодо ыйкы-тыйкы сөздөр уланып отуруп, экс-премьер уруулаштырып, Адыгине, Тагай, Ичкиликтен кеп салып, сүрүштүрө баштады. Келдибеков «Жантөрө аке, тарыхты билбейт экенсиз, элди бөлбөй тек жүрбөйсүзбү?!» деген таризде катуу какты. Кер-мур дагы уланып баратканда Ахмат аке «эшикке чыгалы» деп ордунан тура жөнөдү. Акеси үйдөн чыкпай койду. Ал арада экс-спикер короодо 20 мүнөттөй ары-бери басып, букадай кабак-кашы бүркөлүп, көздөрүн кызарта чылымдан түтөтүп турду да, «караңгы киргенде келем, «бирдемени» ала келем» деген бойдон баса берди. Коноктор кайра үйгө киришкенде, «үкам качып кетти, ал ошондой» деп Жантөрө аксакал ар кыл сөздү сүйлөнүп, жамандап отурду…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: