Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2016-жылдын ноябрь айында “Дилим” аттуу бейтаанышы (аял киши) соода-борборлордун биринин ичинен алдоо жолу менен арыздануучунун ишенимине кирип, жалпы суммасы 544 000 сомдук товарын алып, 2017-жылдын февраль айында жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын кайрып берем деп, ушул күнгө чейин жашырынып качып жүргөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 30 жаштагы борбор шаарыбыздын Э.Д. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле тергөө учурунда шектүү башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экендигин аныкташкан.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ