Menu

Иса Өмүркулов: “Жакында туруксуз кырдаал жаралышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, акыркы кездерде «парламент тарашы мүмкүн» деген божомолдор айтыла баштады. Бул канчалык реалдуу?

– Биринчиден, биз жакында эле чоң саясый бир иш-чараны башыбыздан өткөрдүк. Жаңы президент шайланды. Эски президент мөөнөтүн аяктап жатат, бир ай калды. Конституция боюнча алты жыл иштеши керек. Мына ушундай мыйзам дайыма сакталышы зарыл. Бул мамлекеттин туруктуулугун аныктайт, туруктуулугун камсыздайт. Ал эми парламент беш жылга шайланат. Ал дагы өз мөөнөтүн толугу менен иштеши керек. Өкмөткө, президентке жагабы-жакпайбы, бул элдин тандоосу. Бул мындайча айтканда, конституциялык чечим. Ошондуктан, кааласа калтырып, кааласа кетирген биринчиден, биздин демократиялык өлкөгө да туура келбейт, экинчиден, туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн, үчүнчүдөн, улам-улам шайлоо боло берсе каражат кетет.

Мына, спикерибиз отставкага кетти. Бул дагы саясый маданияттуулуктун бийик деңгээли. Тырмышып, кызматынан кетпеген жетекчилерди да көрүп жүрөбүз. Мунун баары тең биз үчүн норма болушу керек. Ар кандай жетекчи туура эмес, ката чечим кабыл алса, сөзсүз түрдө отставкага кетиши керек.

– Чыныбай Турсунбеков өз эрки менен кеттиби, же фракциянын, же партиянын кандайдыр бир таасири болдубу?

– Мен фракция жетекчиси катары айта алам, ага карата эч кандай басым, кысым жасалган жок. Бул анын өзүнүн кабыл алган чечими. Ал мындан ары да саясый кеңештин мүчөсү, депутат бойдон кала берет. Бул жагынан ага эч кандай тоскоолдук болбойт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: