Menu

Кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурашууда

Бөлүшүү:

Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөңдөн бери Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурап жатат. Мунун кесепетинен кээ бир цехтер убактылуу жабылууга дуушар болууда. Айрым ишкерлер товарды чет өлкөгө учак менен жөнөтүүгө аракет кылып, бирок чыгымы көп болгондуктан, баш тартышкан. Ишканаларда жумуш аксаганы тигүүчүлөрдүн маянасына дагы кедергисин тийгизүүдө. «Made in KG» энбелгиси менен даярдалган товарга Казакстан, Россия жана Беларуста суроо-талап жогору. Бирок чек арада көзөмөл күчөгөндөн бери кийим-кече дарегине өз убагында жетпей, жергиликтүү бизнесмендердин чет жактагы өнөктөштөрү иштешүүдөн баш тартууда. Кардарларын жоготуп жаткан ишкерлердин кирешеси кескин азаюуда. Жумуш 40 пайызга чейин кыскарган.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: