Menu

Эрезеге жетелек балдарга жасалган жыныстык кылмыштарга карата жаза чаралары кыйла катаалдаштырылууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште жашы жете электердин, анын ичинде жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга карата жаза чараларын катаалдаштырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине)” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Демилгечилердин айтымында, балдарга карата күч колдонуу фактысы жылдан-жылга көбөйүп жатат. Мына ушул жагдайда жашы жете электерге, анын ичинде жаш балдарга карата жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Балдарга карата күч колдонгон адамдардын аракеттерин талдоо күч колдонгон аракеттер көпчүлүк учурда бала менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары тарабынан жасалгандыгын көрсөттү.

Ошону менен бирге, жазык мыйзамдарында жашы жетпеген балдарга карата кылмыштардын жасалган айрым түрлөрү үчүн эч негизсиз эле өтө төмөн санкциялар белгиленген. “Ушуга байланыштуу КР КЖКда жана КР ЖПКда балдарга күч колдонгондугу үчүн санкцияларды катуулатуунун зарылдыгы жаралууда, атап айтканда жашы жетпегендерге жана жаш балдарга карата зордуктоолорго санкцияны катуулатуу керек”, – дейт депутат Аида Салянова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: