ИИМдин кызматкерлери ири көлөмдөгү мыйзамсыз сакталган баңгизатын аныктоо боюнча жүргүзгөн операциясы ийгиликтүү өттү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айылында жайгашкан сарайлардын биринен Түп районунун 56 жаштагы жашоочусу эки капка салынган баңгизат менен кармалган.
Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында 20 килограмм салмактагы “марихуана” баңгизаты болуп чыккан. Андан сырткары, 500 грамм салмактагы эки банкага салынган гашиш табылып алынган. Тергөө учурунда кармалган адам мурда дагы эки жолу соттолгону анык болгон.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ