Москвадагы ишканада кыргызстандык жумушчу станокко түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу «Московский комсомолец» кабарлады. Маалыматка караганда, кырсык макулатура иштетүүчү ишканада болгон. 28 жаштагы К.Г.саат 15:30 чамасында макулатура жанчыган станокко түшүп кетип, башын жана колун жулуп кеткен. Анын денесин саат 20:00 чамасында алып чыгышты. К.Г. аталган ишканада 2017-жылдын жай айларында келип иштеп баштаган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ