Menu

Укук коргоочулар Киевди блогер Жанар Ахметти бошотууга үндөштү

Бөлүшүү:

Польшада жайгашкан “Ачык диалог” өкмөттүк эмес уюму Украина бийлигин казак блогерин бошотууга үндөдү. Билдирүүдө Жанар Ахмет баш паанек берүүдөн баш тарткан чечимди даттанууга ниеттенип жатканы айтылат.

“Ахметтин ишинде саясий боёктун белгилери бар. Качкындардын макамы тууралуу конвенция менен Европа конвенциясы саясий жактан айыпталган кишилерди экстрадициялоого тыюу салат”, — деп айтылат билдирүүдө.

“Ачык диалог” Европарламент, БУУ жана демократиялык мамлекеттерди саясий атаандаштарды куугунтуктаган авторитардык режимдер менен кызматташууну токтотуу үчүн украин бийлигине басым жасоого чакырды.

Быйыл жазында Казакстандан качып, Украинадан саясий баш паанек сураган Жанар Ахмет 21-октябрда Киевдин четинде кармалган. Сот казакстандык блогер Жанар Ахметти 18 күнгө камоо чечимин чыгарган. Ахмет ачкачылык жарыялаган.

Казакстанда Ахмет 2005-2008-жылдар аралыгында алдамчылык кылган деген айып менен соттолгон. 2010-жылы августта сот блогердин жаза мөөнөтүн уулу 14 жашка чыкканча деп 2021-жылга чейин жылдырган. Казакстан бийлиги Ахмет баласы менен өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага эл аралык издөө жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: