Menu

“Кыргызстан” фракциясы мектептердеги окуу жылынын башталышын которуу маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-октябрда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында 2017-жылдын 13-январындагы аталган фракциясынын № 83 чечиминин аткарылышы тууралуу (Окуу жылын 1-сентябрдан 20-сентябрга жылдыруу) маселе каралды. Аталган маселенин демилгечиси депутат Дастан Жумабеков. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга чакырылган КР билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул маселе боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөндүгүн айтып, анын корутундусуна ылайык, окуу жылынын башталышын 20-сентябрга эмес 10-сентябрга жылдырууга болоорун билдирди. Муну менен туристтик сезон дагы узартылат, ошону менен катар окуу программасын дагы өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок болот. Тармактык министр окуу жылынын башталышын которууну 2018-жылдан 2020-жылга чейин сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алуу божомолу бар. Мындан сырткары, Г.Кудайбердиева ЮНИСЕФтин бул аралыкта балдар эс албай эле, түшүм жыйноого көмөктөшүү менен алек болот деген корутундусу бар экенин кошумчалады.

Фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун суроосуна жооп берип жатып, Г.Кудайбердиева  министрлик тарабынан үстүбүздөгү жылдын ноябрь, декабрь айларында мектеп окуучуларынын ата-энелери, коомчулук менен окуу жылдын башталышын жылдыруу жаатында пикир алмашуу пландалып жаткандыгын билдирди. Ошону менен катар бул маселе 2018-жылдын башында өкмөттүн тиешелүү токтому демилгелене тургандыгын маалымдады.

Фракция лидери Алмазбек Баатырбеков фракциясынын № 83 чечими боюнча маселени 2018-жылдын март айында дагы бир ирет кароону сунуш кылды. Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: