Menu

Исаков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Шольц менен жолукту

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 26-октябрда, Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Петер Шольц менен анын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолукту.

Жолугушууда өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуу багытындагы талкуу болду.

Өкмөт башчы Петер Шольцко Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы алаканы бекемдөөгө зор салым кошкондугун баса белгиледи.

Сапар Исаков өзгөчө белгилегендей анын жеке катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германия Федеративдик Республикасына ийгиликтүү иш сапары болуп, аны менен бирге Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель Крыгызстанда иш сапары келип кеткен.

«Германия өлкөдөгү демократиялык принциптердин бекемдеши боюнча Кыргызстанды дайыма колдоп келген, алы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр ошондой эле эки өлкө ортосунда соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү керектигин билдирүү менен Өкмөттөр тарабынан өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу багытында иштер уланарын кошумчалады.

Элчи  Петер Шольц Германия Кыргызстандагы эгемендүүлүк алган күндөн баштап демократиянын калыптанышына байкоо салып келе жатканын  билдирди.

«Кыргызстан Борбор Азия аймагында өзүнүн жеке жолун улантып келе жатат жана андан чоң ийгиликтерге жетүүдө», — деди Петер Шольц.

Ал ошондой эле Германия тарап Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөдө тынчтыкты орнотуп, таза жана ачык президенттик шайлоону камсыз кылгандыгын жогору баалай турганын билдирди.

Петер Шольц Германиянын Федералдык Өкмөтү Кыргызстан менен активдүү кызматташууну жана эки өлкө ортосунда мамилени бекемдөөнүн үстүнөн иш алып барарын айтты.

Аны менен катар Кыргызстан менен Германиянын достук кызматташуусун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Петер Шольцту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: