Menu

Бакыт Торобаев: Икрамов, Жолдошбаев жана Жутановду Фракциядан чыгаруу маселеси 2016 жылдан бери келе жатат

Бөлүшүү:

“ Өнүгүү-Прогресс”  партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев  фракция ичиндеги соңку окуяларды, ошондой эле өлкөдөгү шайлоодон кийинки абал туурасында маалымат берди.

– Эмне үчүн  “ Өнүгүү- Прогресс”фракциясынан үч депутат чыгарылды?

– Фракция мүчөлүгүнөн  Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутановду  чыгаруу  маселеси бүгүн же кечээ күнү эле чыга калган жок. Биздин  саясий көз караштар  ар башка экени 2016-жылы эле байкалган.

Эгер алар фракция ичинде абалды курчутпаса, мен аларды чыгаруу маселесин көтөрбөйт элем. Биздин фракциянын көз карандылыгы жана өз алдынчалыгы кимдир бирөөгө жакпай атса керек

Бир аз убакыт өткөн соң, кептин баары кайда жатканын өзүңөр деле  түшүнөт болсоңуздар керек. Мен  үчөөнө тең  алардын оор ишинде ийгилик каалайм. Мындан ары биз бир командада эмеспиз.

– Шайлоодон кийин чыгып сүйлөгөн жоксуз. Анын  жыйынтыктары боюнча эмне айта аласыз?

– Ооба, шайлоодон кийин бир аз  эс алууну чечип  Ысык-Көлдө болдум. Шайлоолор чындыгында мен жана менин командам үчүн оор  болду. Биз чоң маалыматтык жана административдик басымга дуушар болдук. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болду.

Ал эми  болуп өткөн президенттик шайлоолор туурасында айта турган болсок, мен мындай деп жооп берет элем – биздин эл өз тандоосун кылды, жана биз аны тааныйбыз.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,  Сооронбай Шариповичти жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошуусунда  ийгиликтерди каалайм. Шайлоо бул  күрөш- бул программалардын жана идеологиялардын тирешүүсү.Шайлоолордон кийин сөзсүз уткан тарап жана утулгандар да болот. Биз  татыктуу утулганды дагы билишибиз керек.

Кандай болгон күндө дагы Борбор Азия  аймагында биз биринчилерден болуп атаандаштык, президенттик шайлоолорду өткөрүп,  жаңы президент бийликке  тынч жана легитимдүү жол менен келип жатат. Биздин  өлкө үчүн бул демократиялык мамлекетти курууда чоң кадам болуп саналат. Менин оюумча, биз өзүбүз эмдигиче бул шайлоолордун маанилүүлүгүн жана баалуулугун  сезе элекпиз.

– Шайлоо жарышында Өмүрбек Бабанов үчүн талапкерлигиңизди алып салдыңыз эле. Эми мындан аркы өнөктөштүк кандай болот?

– Президенттик шайлоолор учурунда саясий тандемдердин түзүлүшү саясий салт болуп калган. Саясатчылар менен партиялардын биригиши кадыресе эле көрүнүш.

Ар кандай саясий партиялардын биригиши- бул боло турган процесс: эмки парламенттик шайлоолордон өтүш үчүн 9% босогодон өтүш керек. Бүгүнкү күндө муну айрымдары гана жасай алат.

Мен үчүн Өмүрбек Бабанов менен чогуу  иштеш жемиштүү тажрыйба болду. Биз чоң жумуш аткардык деп эсептейм  жана биздин саясий тандемге 600 миң кыргызстандыктар добушун берди, бул бизге жана биздин программага ишенген адамдар. Муну өкмөт эске алышы керек деп ойлойм, анткени эл экономикалык жана  кадрдык  өзгөрүүлөрдө каалап жатат.

Мындан аркы Өмүрбек Токтогулович  менен болгон өнөктөштүккө токтоло турган болсок, экөөбүз тең  кичине эс алып, андан соң мындан аркы пландарды талкулоого киришибиз  керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: