Menu

Келдибековдун кел-кели келип атабы?

Бөлүшүү:

Ахматбек Келдибеков БШКнын себепсиз чечими менен аламан жарышка аттанбай калганы менен азыр тылын бекемдеп жаткан кези. Өзү да “Алдыда дагы чоң саясий күрөштөр бар. Буюрса, элимдин кызыкчылыгы үчүн пайдалуу иштерди жасагандан четте калбайм”  деп интервью берди. Ноябрь айында Келдибеков чоң саясий күчтү жетектей турганы айтылып жатат.  Парламентте болсо саясий “прогноз” күн сайын алмашып, кийинки жылдын жаз мезгилинде кайрадан парламенттик шайлоо болот деп эмитеден даярдык көрө баштагандар бар экени айтылууда. Келдибековду төрага кылган саясий топ дагы ошол аламан жарышка азыртадан катуу даярдыкты баштагандай түр көрсөтүүдө. Парламенттик шайлоодо бийликтин партиясына негизги атаандаш болчу ошол күч экени азыртадан эле маалым  болууда. Келдибековдо каражат менен дух жетиштүү эмеспи. Андан дагы чоң саясий оюнчуларды катарына тартканга саясий харизмасы да күчтүү. Колдоочулары бекем туруп берсе эле кийинки жарышта Келдибековдун кел-кели келчүдөй болуп турат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: