Menu

Улукбек Кочкоров, экс-депутат: «Эгерде Сооронбай Шариповичке мени менен иштешүү жакса, кандайдыр бир кызмат сунуштаса иштеп бермекмин»

Бөлүшүү:

Айткан сөзү жасаган ишине төп келген саясатчылардын бири Улукбек Кочкоров экени барыбызга белгилүү. Президенттик шайлоодо элибиз үчүн жаңы ачылыштардын бири дал ушул Кочкоров болду. Аламан байгеде утулуп калса дагы мырзалыгын көрсөтүп, кээ бирөөлөргө окшоп, жеңилгендигине ызаланып жүгүрбөгөнү эле канчалык эрдик. Кочкоровдун шайлоодон кийинки оюн билүү үчүн маекке тарттык

— Улукбек мырза, президенттик тактыга ат салышууда жеңилип калаарыңызды билсеңиз деле башкаларга окшоп баш тартып койбой, аягына чейин күрөштү улантууңузга эмне түрткү болду? Же сизде башка максат болдубу?

— Негизи, бир ишти баштаарда жеңилем деп ойлогон киши эч качан баштабайт эмеспи. Мен деле жеңилип калам деген ойду артка сүрүп, жеңем деген үмүт менен алдыга карай умтулгам.

— Жеңилүү ызасы көңүлдү чөктүргөн жокпу?

— Жок. Мен президент болуп төрөлбөгөм. Элим чындап өзгөрүүнү кааласа керек, эскичиликтен тажагандыр деген ишеним менде күч эле. Тилекке каршы, элибиз андай ак-караны ажыратчу, жаңычылдыкка умтулчу нерселерге даяр эмес экени көрүнүп калды.

— Президенттик шайлоодо жеңип чыгам деп сиз эмнеге ишендиңиз? Кимдир бирөө админресурска ишенсе, дагы бири капчыгына ишенгени байкалып калбадыбы?

— Тура айтасың, менде колумда бийлик да, байлык да жок. Жөн гана карапайым, калдайган калкыма ишенгем. Таянар тоо караламан калк болот эмеспи.

— Талапкер катары эл жерди аралап жүрүп, таң калган учуруңуз болдубу?

— Мени таң калтырганы элдин деги эле Кыргызстандын атуулдарынын кайдыгерлиги болду. Эгемендик алган жылдардан бери ар бир президенттик же болбосо парламенттик шайлоолордо ар кандай куру убадаларды бере берип элди тажатып, башын айлантып бүткөн экенбиз. Элдин ишенимин актабаган саясатчыларыбыздын айынан элде ишеним жоголуп, кайдыгерлик пайда болгонун сездим. Эл сенин платформа, программаларыңа эмес, берчү тыйын-тыпырыңа карап калганы деле жашыруун эмес.

— Сизди шайлагысы келип, бирок добуш бере албай калган шайлоочулар болгонун байкадыңызбы?

— Эми бир кызык жери, “Улукбек, биз жүрөгүбүз менен сени тандадык. Бирок, сен бары бир өтпөйсүң да, башканы эле шайлап коё берели” деп бетиме айткан көп кишилер болду. Ошол сөздөрдөн улам шайлоочулар деле жүрөгү менен эмес, ашказаны менен шайлап калганбы деген ойго токтолдум.

— Мен билгенден өлкө аймагынан сырткары, башка өлкөлөрдө иштеп жаткан мигранттар менен жолугуштуңуз, алыста жүргөн мекендештерге жолугууда сизде кандай сезимдер пайда болду?

— Колумдан келишинче шайлоочулар менен бетме-бет келип, пикир алышууга аракет жасадым. Өлкөбүздөн сыртта иштеп жүргөн мигрант жаштарыбыз менен жолугушууда көптөгөн суроолорго жооп узаттым. Мени кубандырганы, чет жерде жүргөн жаштарыбыздын ою болду. Алар чындыгында эле өлкөбүздүн өзгөрүшүн каалашарын айтышты. Ал гана эмес добушту болбогон акчага сатып жиберишпесин деп мекенибизде жашап жаткан замандаштарыбызга айтып барышыбызды суранды. Алардын айткан ар бир жалындуу сөздөрү мени толкундантты.

— Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын ар кандай биригүүлөр, тандемдер пайда болду. Негедир сиз эч бирине кошулбадыңыз. Же сизге чакыруу сунушу түшкөн жокпу?

— Мен башынан бери эле эгер биригүүлөр бир максатты көздөгөн болсо биригүүдөн баш тартпайм деп айтып келе жатам. Биригүү элдин кызыкчылыгынан алыс, өз кара башынын гана кызыкчылыгы үчүн болсо анда биригүүгө негиз жок.

— Шайлоочулар менен жолугушууда кебир талапкерлерди элдер менен жолуктурбоо аракеттери көрүлгөнүнү айтылууда. Сиз дагы ошондой көрүнүштөргө күбөө болдуңузбу?

— Башка талапкерлерге көрсөтүлгөн кысымдар мага деле көрсөтүлдү. Ар кандай тоскоолдуктар жаратылып, эл менен жолугушууларды үзгүлтүккө учураткысы келген кишилер болду. Бирок, мен андай окуя болоорун башынан эле сезгеним үчүн андай нерселерге даяр элем. Талапкерлигимди коёрдон мурда, кандай кырдаал болсо да даяр тууруга бел байлагам.

— Эгерде Сооронбай Шарипович кандайдыр бир кызмат сунуштаса ишке барасызбы же иштешүүдөн баш тартасызбы?

— Менин биринчи максатым элиме ак кызмат кылуу, Кыргызстанымдын келечеги үчүн кам көрүү болуп саналат. Элимдин жакшы жашоосуна колумдан келишинче жардам берүү үчүн президенттикке талапкерлигимди койгом. Эгерде Сооронбай Шариповичке мени менен иштешүү жакса, кандайдыр бир кызмат сунуштаса иштеп бермекмин. Бирок, ошол сунушталган кызматка эч ким кийлигишпесе, кайсыл тармак болсо деле мен алдыга сүйрөп кетүүгө даярмын.

— Сиздин бул кадамыңыз бийлик менен кызмат үчүн соодалашып кетти болуп эсептелбейби?

— Жок, мен антип эсептебейм. Өлкөбүздүн абалы өтө начар болуп турганда, алдыга сүйрөп кетүү үчүн ар бир жаран кол кабыш кылууга милдеттүү.

— Сиз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болуп саясатка аралашып, өзүңүздү көрсөтө алдыңыз. Ар бир адам бир иш жасап жатканда өзүнө максат коёт эмеспи. Сиз саясатка кайсыл максат менен аралаштыңыз?

— Мен саясат айдыңына келгенге чейин бир топ жерлерде, анын ичинде УКМКда дагы иштегем. Ошол жакта иштеп жүрүп коррупцияга баткан, мен деген чиновниктердин кылмышын билип туруп ачыктоого алым жетпей саясатка аттанып, Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүгө мажбур болгом. Саясатка аралашуумдун бирден -бир себеби, чындык үчүн күрөшүү болуп саналат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: