Menu

Марат Кайыпов, мурунку Адилет министри: «Биз эгемендик алгандан бери чыныгы лидерге жарыбай келе жатабыз»

Бөлүшүү:

-Марат мырза, Орто Азияда алгачкылардан болуп парламенттик республика болдук деп көкүрөк какканыбызга 7 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта кандай жыйынтыкка ээ болдук?

— Биринчиден, парламенттик республика болдук деп башкаларга өзүбүздү жарыя кылганыбыз менен 2010-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстан парламенттик республикага таптакыр окшобойт. Себеби, дүйнөдөгү парламенттик республикалардын баардыгында президентти парламент шайлайт. А бизде болсо президентти эл шайлап жатат. Экинчиден, башкаруунун парламенттик формасын тандап алган мамлекеттерде президентке сый-урмат көрсөткөн салтанаттуу гана бийлик укуктарды берет. Алар кайсылар? Мисалы, келген конокторду кабыл алып коюшат, же болбосо мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарышат. Символикалык түрдө аскер башчысы болушу мүмкүн. Чындыгында парламенттик мамлекетте аскерди башкарган өкмөт болот. Алсак, парламенттик монархиялар Улуу Британия менен Японияда кездешет. Анткени, мамлекеттин ички жана тышкы саясатын өкмөт жүргүзөт. Ал эми падышалар болсо жаңы парламентти ишке киргизип, же болбосо сый конокторду кабыл алып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Эмесе парламенттик республикалар тууралуу айта турган болсок, куду ушуга окшогон эле колу-буту байланган президенттер болот. Ал президентти эл шайлабай эле парламент шайлат. Европада классикалык парламенттик мамлекет катары Германия менен Италияны айтсак болот. Мына ушул мамлекеттерде президент бар экендигин укпайбыз да билбейбиз. Качан гана парламенти шайлаганда “ ушул президент экен” деп калабыз. А дээрлик бүткүл мамлекеттин ички жана тышкы саясатын парламент менен өкмөт аныктап жатат. Ошон үчүн 2010-жылы биз парламенттик республикабыз деп ким жарыя кылса дагы, бул биринчиден кыргыз элин алдагандык болуп эсептелет. Экинчиден дүйнө жүзүнө мамлекеттик башкаруу системасын билбей уят болгонубузду баса белгилеп кетмекчимин. Биз парламенттик республикабыз деп жөнү жок бакыра бербешибиз керек. Биздин республикада парламенттик республикаларга тиешеси болгон анча-мынча белгилер бар. Алар кайсылар? Биз бардык шайлоону саясий партиялар аркылуу өткөрүп калдык. Азыр бир мандаттуу округдардын баарын жок кылдык. Андан соң партиялар шайлоодо жеңип келгенден кийин парламентте фракцияларды түзгөн соң, көпчүлүк коалицияны курап өкмөттү түзүп жатат. Демек, парламенттик республикаларга ушул жагынан окшош болуп жатабыз. Ал эми биздин республикада куралдуу күчтөрдүн жана башка күч органдарынын жетекчилерин толугу менен президент өзү дайындап жатпайбы. Мындай дайындоо укугуна бизден башка бир дагы парламенттик республикада президент ээ эмес. Алар эч кимди дайындай албайт. Бул биринчиден десем болот. Экинчиден, биздин президент өлкөбүздүн Башкы прокурорун, Эсептөө палатасынын жетекчисин, БШКнын жетекчилери менен бирге мүчөлөрүн сунуштап, дайындаганга түздөн-түз тиешеси бар. А парламенттик республикада президент андай укукка ээ эмес. Үчүнчүдөн болсо, президентибиз жергиликтүү соттордун баарын дайындап жатат. Парламенттик республикаларда президентке мындай укуктар берилбейт. Президенттин сотторго эч тиешеси жок. Биздин президент болсо Жогорку Сотко бара турган адамдарды парламентте шайлагыла деп өзү сунуштап жатат.

— Демек, президент мыйзамды өзү каалагандай калчап жаткан экен да…

— Президент ар бир чыгарылган мыйзамга парламент менен чогуу жоопкер. Эмне себептен? Себеби каалаган мыйзамына кол коёт. Каалабаган мыйзамына каршы пикирин билдирип “мага жакпай калды, мен айткандай кабыл алып бергиле” деп вето коюп кайра артка жөнөтөт. А башка парламенттик республикада бир дагы президент вето коё албайт. Парламент мыйзамды кабыл алгандан кийин ал кол коюп бергенге милдеттүү. Анан биз кантип парламенттик республика болобуз? Үч бийликке тең президенттин тиешеси болуп кадр саясатына аралашып жатса.

–2010-жылкы кабыл алынган Конституциябызда мамлекетибиздин кызыкчылыгына каршы келген кандай беренелер бар болчу?

— Мен буга чейин мамлекеттик түзүлүш, бийлик системалары жөнүндө абдан изилдегем. Жапонияда азыркы кезде элдин саны 127 млнго жетип калды. Ошол элдин 99%ын жапондор түзөт. Башка улуттар дээрлик жокко эсе. Демек, бул мамлекеттин эли парламентте ар кандай маселе боюнча тытыша берсе жарашат. Анткени, улутунун кызыкчылыгына каршы чыгышпайт. Себеби мамлекетти бир улут түптөп жатпайбы. Армения референдум өткөрүп, парламенттик республика болгонуна эки жылдан ашып калды. Бул өлкөгө да парламенттик башкаруу жарашат деп айтсак болот. Себеби өлкөдөгү элдин басымдуу бөлүгүн армяндар түзөт экен. А биздин өлкөдө 80ден ашык улут жашайт. Андыктан мамлекеттүүлүктү түптөгөн 2000 жылдан ашык тарыхы бар кыргыз улуту экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Демек, биз калган улуттарга да жоопкербиз. Ошон үчүн аларга өрнөк болуп, жол көрсөткөн алдыңкы улут болушубуз керек. Бирок, тилекке каршы биз андай боло албай жатабыз. Себеби биздин Конституциябызга бир дагы мамлекетте жок жоболорду киргизип алганбыз. Алар кайсы жоболор? Азыркы кезде шайлоого катыша турган ар бир саясий партия талапкерлердин тизмесин түзгөндө сөзсүз башка улуттун өкүлдөрүн дагы кошуп, шайлоодо жасалма жол менен аларды депутат кылып парламентке отургузуп коюп жатышат. Мындай шойкомдуу мамлекеттин келечегине балта чаба турган көрүнүш бир да өлкөдө жок. Конституция боюнча биз унитардык мамлекет болуп эсептелебиз. Унитардык мамлекетте эч кандай автономиялык бөлүмдөр болбойт, эч кандай аймактык автономияларга жол берилбеши керек. Көп улуттуу болсок дагы унитардык мамлекет экенибизди эстен чыгарбашыбыз зарыл. Эгер биз кесибине, иш-тажрыйбасына карабай, башка улуттун өкүлүн мойнубузга мингизип депутат, андан соң министр кыла берсек, анда ошол улуттарды келечекте жаңы автономия түптөгөнгө алып келишибиз мүмкүн. А биз “ии сен башка улут экенсиң” деп бөлүп жатпайбызбы. Ал эми унитардык мамлекетте башка улутту бөлгөн кылмыштуулукка жатат. Биздин Конституцияда куду ошондой кылмыштарга тете жоболор бар. Эсиңиздерден чыга элек болсо керек. 2010-жылы Ош коогалаңы болгондо өзбек сепаратисти Кадыржан Батыров “Бизге ондон ашуун министрлик, биз экинчи титулдагы улутпуз, өзбек тилине мамлекеттик тил катары статус берилип, бизге автономдуу облус берилиши керек” деп ачык эле айткан. 2010-жылга чейин парламентте 7–8 депутаттан турган өзбектердин фракциясы болгон. Алар жалаң өзбектердин саясатынын кызыкчылыгын көздөгөндөн өз алдынча автономия боло турган иштер менен алектенишкен. Демек, биз мамлекетибиздин, кыргыз улутунун келечегине балта чаба турган беренелерди мыйзамдан алып салышыбыз керек. Партиялык тизме түзүлгөндө, алардын бир гана Кыргызстандын жарандыгы эске аланышы зарыл.

— Эгер бул беренелер алынбаса өлкөнүн келечеги кандай болот?

— Парламенттик мамлекеттерде сөзсүз парламент аркылуу бийлик бутактары түптөлөт. Эгер биз партиялык тизме менен башка улуттун өкүлдөрүн мыйзам чыгаруу бийлигине алып келип, андан кийин Өкмөттү, прокуратураны, сот жана башка күч органдарын көзөмөлдөгөнгө укук берип койсок, анда эртеңки күнү Кыргызстанды кыргыз башкарбай эле башка улуттар башкарып калышы мүмкүн.

— Сиздин оюңузча бизге мамлекетти башкаруунун президенттик формасы керек экен да. Туура эле түшүндүмбү?

— Деги эле биздин улуттук менталитетибизге, тарыхый тажрыйбабызга мамлекетти башкаруунун президенттик формасы туура келет. Эмне себептен? Себеби кыргыз улуту илгертеден эле улуттук лидерлерди ээрчип келгенбиз. Улуттук лидер жакшы чыгып калса ошол Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүп келген. Кыргыздын аймагын кеңейткен. Бытыранды болуп талашып-тартышып жаткан кыргыз урууларынын башын бириктирген. Биз мына ушундай лидерге эгенмендик алгандан бери жарыбай келе жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин улутту бириктире турган, өлкөнү өргө сүйрөй турган инсан келе элек.

— Жаңы шайланган президентибиз улуттук лидер боло алабы?

— Балким жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Шарипович улуттун көсөмү болуп калгысы бардыр… Кыргызда атам замандан бери “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” деген жакшы макал бар эмеспи. Мурда биз бул кишинин президент болорун билчү эмеспиз да. Биз анын шайланганына сүйүнүп жатабыз. А бирок анын кандай президент болоорун билбейбиз. Ошон үчүн ага биринчиден ийгилик каалашыбыз керек. Учурда аны расмий түрдө өз ишине кире электе эле сындап жатышат. Анткени шайлоонун жыйынтыгын тааныганы да, тааныбаганы да, тааныса да таанымаксан болуп ар кай жерде ага карата терс пикирлерин айтып жамандагандар бар. Жакында шайлоонун жыйынтыгы боюнча форум өттү. Ошондо баардыгы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу кайчы пикирлерин билдиришкенден тышкары Сооронбай Шариповичти жамандашты.

— А сиз кандай пикириңизди билдирдиңиз?

— Бул шайлоодо үч жакшы көрүнүш болду. Биринчиден, биздин өлкөдө эч кандай атышуу-тытышуусу жок тынч жол менен шайлоо өткөзүп алдык. Бул абдан чоң жетишкендик болуп эсептелет. Экинчиден, бул шайлоого катышкан кээ бир талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныса, айрымдары тааныгысы келбесе да ызы-чуу кылып, элди митингге чыгаргандан баш тартышты. Үчүнчүдөн, буга чейин Кыргызстандын президенттик шайлоолорунда атаандаштык жок эле. Акаевди президент кылып өзүбүз эле шайлап койчубуз. Бакиев шайлоого аттанганда Атамбаевди атаандаш болот десек, ал талапкерлигин алып салгандан кийин атаандаштык деле болбой калган. Ал эми бул шайлоодо бири бийликтин, экинчиси байлыктын өкүлү болгондуктан, экөөнүн ортосунда чыныгы атаандаштык болду. А мен экөөнүн кимиси жеңээрин шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин билген жокмун. Сооронбай Шарипович президенттик такка отура элек. Инаугурация боло элек. Президенттик бийлик колуна тийе элек. Ошондой болсо да сындап эле жатасыңар. Сындаганды токтоткула. Эл ишенип шайлаган кишиге баш ийели. Жок дегенде бир-эки жыл мүмкүнчүлүк берип, андан кийин сындайлы деп айттым.

Биз Кыргызстанда башка элге өрнөк боло турган жаңыкаада-салт киргизишибиз керек. Жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбековду эң алгач анын атаандаштары куттуктап, ийгилик каалаш керек эле. мындан тышкары кетип жаткан президент эгерде саясаттан тышкары болсо анда ар кандай сын-пикирден дагы тышкары болушу керек. деги эле шайлоонун жыйынтыгы боюнча кыргыз улуту, кыргыз өлкөсү тынч шайлоо өткөзүп, башка эл, башка өлкөлөр бизден үлгү алгыдай өрнөк көрсөттүк.

— Сиз Атамбаевди деле сындап жүрбөйсүзбү. Аны да алгачкы жылдары сындаган эмессизби?

— Атамбаев президент болуп шайланганда аны эки жыл сынга алган эмесмин. Ачыгын айтсам, ал кишини 2014-жылдан кийин сындай баштадым. Эми аны сындаганымдын себептерине токтолоюн. Президент деген өз оозуна ээ болушу керек. Дегеним, ал биринчиден көп жерлерде улутту, жер-жерди бөлгөн туура эмес сөздөрдү сүйлөдү. Экинчиден, анын учурунда да саясий куугунтук токтогон жок. Үчүнчүдөн, элди жумуш менен камсыз кылып завод-фабрикаларды ишке киргизбеди.

— Эми сын айтуу менен эле чектелбестен жакшы жагына да кыскача токтоло кетпейсизби?

— Бакиевдин учурунда башталса дагы, бирок Атамбаевдин доорунда “Датка-Кемин” электр чубалгысы ишке киргизилди. Бирок, бул долбоор боюнча да аны сындадым. Анткени бул долбоор ишке ашкандан кийин биздин өлкөдөгү чакан болобу, же ири ишканалар болобу аларга электр энергиянын баасы арзандатылышы керек эле. Ошондо өндүрүштөр жанданып кетмек. Тилекке каршы азыркы кезде электр энергиянын баасы кайра эле кымбаттап жатат.

— Сиз жогоруда айткандай президенттин эмоцияга алдырып туура эмес сүйлөп алганынын кесепетинен улам шайлоо бүтсө дагы кыргыз-казак чек арасына байланышкан маселе чечилбей жатат. Деги бул маселе качан чечилет деп ойлойсуз?

— Атамбаев бир эле өзүнүн мүнөзү, анан “балп” этип сүйлөгөнү боюнча Кыргызстанга эмес, өзгөчө биздин өлкө шериктештикке кирген уюмдарга да белгилүү болуп калды. Дегеле ар президенттин, премьер-министрдин оозунан сөз чыкканда ал дипломатиялык протоколду сакташы керек, өзгөчө Эл аралык уюмдарга кайрылып сүйлөгөндө. “Айтылган сөз-атылган ок” демекчи, өлкө башчысы улуттун, экономиканын коопсуздугуна зыян келтирбегендей сүйлөшү зарыл. Ошон үчүн биздин президенттин туура эмес сүйлөгөнүнүн айынан Казакстан чек арасын жапкандыктан ортодо эки жактын карапайым эли азап тартып жатат. Жакында мен “Ютубдан” бир видеону көрдүм. Ошол видеодо Казакстандын алыскы рейске жүк ташыган ачка турган айдоочуларына кыргыз жигиттеринин тамак алып барып бергенин көргөнүмдө жүрөгүм жылыды. Ал эми ошол эле айдоочулар Назарбаев менен Атамбаевди ашатып жатты. Эми чек ара маселеси биздин жаңы шайланган президент өз ишине расмий киришмейин чечилбей калды окшойт…

— Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан Атамбаев өзүнөн кийинки президентке кандай “мурас” калтырып кетип жатат?

— Азыркы президент Атамбаев жаңы шайланган президент Жээнбековго Кыргызстанды оор абалда калтырып кетип жатат.Экономика жагын айта турган болсом, биздин өлкөнүн тышкы карызы 5 млрд долларды чапчыды…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: